Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстанда зергерлерге 6% менен жеңилдетилген насыя берилет

Министрлер Кабинети зергерчилик тармагындагы субъекттерге жеңилдетилген насыя берүү тартибин бекитти. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Кыргызстанда зергерлерге 6% менен жеңилдетилген насыя берилет
Иллюстрациялык сүрөт

Долбоор ишке ашыруу мамлекеттик банктар «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу жүргүзүлөт. Жеңилдетилген каржылоо зергерчилик тармагындагы субъекттерге жабдууларын жаңылоого мүмкүнчүлүк берет.

Насыялоонун шарттары:

  • суммасы 90 млн сомго чейин;
  • насыя мөөнөтү: 60 ай;
  • пайыздык ставка: жылдык 6 пайыз;
  • жеңилдетилген мөөнөт: 180 күн. 

Катышуучу банктарга зергерлерге насыя берүүдө комиссияларды алуудан баш тартуу сунушталды. Бул насыянын бизнес үчүн мүмкүн болушунча пайдалуу болуусун камсыз кылат.

Долбоорду 2028-жылга чейин кийинки мезгилдерге узартуу каралган. Каражаттардын максаттуу пайдаланышына Салык кызматы жана Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти мониторинг жүргүзөт.

МСК белгилегендей, тармак үчүн салык жүгү төмөндөтүлдү учурда жүгүртүүдөн алынуучу салыктын ставкасы 0,25%ды түзөт, ата мекендик өндүрүүчүлөргө Лондон фиксингинен 2% төмөн баада алтын алуу мүмкүнчүлүгү 180 күнгө чейин төлөмдү кийинкиге жылдыруу менен берилди.

Бул чаралар өндүрүштү жаңылоого жана кыргыз зер буюмдарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.