2025-жылдын ноябрь айына карата «Келечек» ипотекалык продуктусу боюнча жалпы суммасы 61,6 млн сомдон ашкан 52 кепилдик берилди. Бул жарандарга 237,6 млн сомдон ашуун суммада ипотекалык кредиттерди алууга мүмкүндүк берди.
Октябрь айында эле 31,5 млн сомдон ашкан 27 кепилдик берилген, алардын аркасында дээрлик 122,3 млн сомдук ипотекалык каржылоо камсыздалган.
«Кепилдик фонд» ААКсынын кепилдиктик колдоосунун аркасында ондогон үй-бүлөлөр өз турак жайларын сатып алып, жашоо шарттарын жакшырта алышты.
«Келечек» продуктысынын негизги шарттары:
- үзгүлтүксүз эмгек же ишкердик ишмердүүлүгү 12 ай болушу керек;
- ипотекалык каржылоонун суммасы - 10 000 000 сомго чейин;
- кепилдиктин көлөмү - сатып алынуучу турак жайдын наркынын 30%ына чейин;
- комиссия - кепилдик суммасынын 2%ын түзөт.
«Келечек» ипотекалык кепилдигин төмөнкү беш өнөктөш банктар аркылуу алууга болот: «Айыл Банк» ААКсы, «Элдик Банк» ААКсы, «МБанк» ААКсы, «Дос-Кредобанк» ААКсы жана «Коммерциялык Банк КСБ» ЖАКсы.
Кененирээк маалыматты 7500 телефону аркылуу же www.gf.kg сайтына кирип билүүгө болот.

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек