Президент Садыр Жапаров «Кылым Банк» ачык акционердик коомуна байланыштуу айрым маселелер жөнүндө» жарлыкка кол койду. Документ «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.
Документке ылайык, министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу жана «Кылым Банктын» акционери катары иш алып баруу функциялары Финансы министрлигинен Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлөт.
Президенттин иш башкармалыгына Финансы министрлиги менен биргеликте жарлыкты ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүү жана мамлекеттик мүлктү белгиленген тартипте «Кылым Банктын» пайдалануусуна өткөрүп берүүнү камсыз кылуу тапшырылды.
Жарлыкка 2026-жылдын 19-августунда кол коюлган. Ал расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.
Эске салсак, 2025-жылдын январь айында КРнын министрлер кабинети «Кылым Банк» ААКсын түзүү жөнүндө токтом кабыл алган. Банктын уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзгөн. 2026-жылдын 13-майында «Кылым Банк» улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензия алган, ал эми май айынын аягында депозиттерди коргоо системасынын мүчөсү болгон. Август айынын башында Кыргыз фондулук биржасы менен «Кылым Банк» кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан. Ошентип, банк эсептешүү жана клиринг операцияларын жүргүзүп, баалуу кагаздарды сактоо жана эсепке алуу менен алектенет.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.