Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

«Кылым Банк» жана «Мурас Банк» улуттук жана чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү үчүн лицензия алышты

КРнын Улуттук банк Башкармасы жаңы каржылык институттарга - «Кылым Банк» ААК жана «Мурас Банк» ЖАКсына лицензия берүү чечимин кабыл алды. Тиешелүү документке 2026-жылдын 13-майында кол коюлду.

«Кылым Банк» жана «Мурас Банк» улуттук жана чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү үчүн лицензия алышты
Иллюстрациялык сүрөт

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей

  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын чечими менен «Кылым Банк» ачык акционердик коомуна улуттук жана/же чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилди;
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын чечими менен «Мурас Банк» жабык акционердик коомуна улуттук жана/же чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилди. 

Эске салсак, мындан бир аз мурдараак «Берекет Банк» ЖАК жана «Алма Финанс Банк» ЖАК Кыргызстандагы 22-23-банк болуп, улуттук жана/же чет элдик валютада банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алышкан.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.