Кыргызстандыктар насыя алууда жана аманат салууда активдүү болушууда – I кварталдын жыйынтыгы

Ушул жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын банк секторунда депозиттердин жана насыялык салымдардын олуттуу өсүшү катталган.

Кыргызстандыктар насыя алууда жана аманат салууда активдүү болушууда – I кварталдын жыйынтыгы

Бул тууралуу Статкомдун маалыматында айтылат. 

Калктан депозиттик эсептерге акча каражаттарынын агылып кирүүсү (чыгарууларды эске алуу менен) 15,4 млрд сомду түздү, бул 2024-жылдын январь-март айларындагы көрсөткүчтөн дээрлик эки эсеге көп.

Депозиттер

2025-жылдын 1-апрелине карата депозиттердин жалпы көлөмү 285,4 миллиард сомго жетип, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 28,3%га өстү. Мында депозиттердин 57,3 пайызы улуттук валютада, 42,7 пайызы чет өлкөлүк валютада жайгаштырылган.

Насыялар

2025-жылдын январь-март айларында банктар тарабынан берилген кредиттердин жалпы көлөмү 108,8 миллиард сомду түзүп, бир жыл мурункуга салыштырмалуу 42,3 миллиард сомго көп (1,6 эсеге өскөн).

Эң активдүү насыялоо:

  • Керектөөчүлөрдүн зырылчылыктары – 29,1 млрд сомго өсүү;
  • соода – 5,8 млрд сомго;
  • ипотека – 2,9 млрд сомго;
  • айыл чарбасы — 1,5 миллиард сомго.

Насыялык портфель

2025-жылдын 1-апрелине карата банктардын ачык кредит портфели бир жыл ичинде 42,3%га (же 110,6 млрд сомго) көбөйүү менен 371,9 млрд сомго жетти.

Насыялоонун түрлөрү боюнча структурасы:

  • Керектөөчүлүлөрдүн зарылчылыктары  — 30,9%;
  • соода — 25,9%;
  • айыл чарбасы — 12,7%;
  • ипотека — 11,4%.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, кредиттердин 81 пайызы - улуттук валютада, 19 пайызы - чет өлкөлүк валютада берилген.

Портфелдин негизги бөлүгүн узак мөөнөттүү кредиттер түзөт (86,7% же 322,7 млрд.сом).

Насыянын аймыктык структурасы:

Албетте, насыя боюнча лидерликте калаа турат, берилген кредиттердин жалпы көлөмүнүн 52%ын түзөт.

Андан кийин:

  • Жалал-Абад облусу – 9,6%;
  • Чүй облусу – 7,9%;
  • Ош облусу – 7,1%.

Калктын депозиттик активдүүлүгүнүн өсүшү жана банктык кредиттөөнүн кеңейиши банк тутумуна болгон ишенимдин жогорулагандыгын жана өлкөдө экономикалык жигердүүлүктүн жандангандыгын көрсөтүп турат.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.