Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Өлкөдө төрт айдын ичинде жалпы аянты 454,5 миң чарчы метрди түзгөн 3 290 жеке турак үй пайдаланууга берилди, бул 2025-жылдын январь-апрель айларындагы көрсөткүчтөн 11,9%га көп.
Курулуштун негизги бөлүгү Бишкек шаарында, ошондой эле Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарында болгон. Бул аймактар пайдаланууга берилген жеке турак жайдын 77,6%ын түздү.
Мында жеке турак жай курулушуна инвестициялардын үлүшү жалпы капиталдык салымдардын көлөмүнүн 10,8%ын түздү. Бир жыл мурда бул көрсөткүч 17,3%га жеткен.
Айыл жергесинде 231,3 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди, бул жеке турак жай курулушунун жалпы көлөмүнүн жарымынан көбүн түзөт.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.