Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

«Кыргызалтындын» 2025-жылдагы бардык пайдасы мамлекеттик бюджетке берилет

«Кыргызалтын» миллиарддаган сомду мамлекетке бөлөт. Эмнеге компания мындай чечимди кабыл алды жана бул экономика үчүн кандай мааниге ээ?

«Кыргызалтындын» 2025-жылдагы бардык пайдасы мамлекеттик бюджетке берилет
Сүрөт: Интернеттен алынды

«Кыргызалтын» ААКнын акционерлери таза пайданын 100%ын мамлекеттик бюджетке дивиденд катары бөлүү чечимин кабыл алышты. Анда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык жалпы акционерлер жыйыны өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө компаниянын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү боюнча отчет каралып, бюджеттин аткарылышына талдоо жүргүзүлүп, негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө баа берилди. Ошондой эле ишкананын мындан аркы өнүгүү стратегиясы талкууланды.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргызалтын» ААКнын кирешеси 20,7 млрд сомду түзүп, таза пайдасы 18,7 млрд сомго жетти. 2024-жылга салыштырмалуу пайда 9%га өскөнү белгиленип, бул компания үчүн кезектеги рекорддук көрсөткүч болду.

Жыйындын жыйынтыгында акционерлер тарабынан алынган таза пайданын 100%ын мамлекеттик бюджетке дивиденд катары бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Талкуунун жүрүшүндө айтылган бардык сунуштар жана сунуш-пикирлер эске алынып, күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү чечимдер бекитилди.

«Кыргызалтын» ААКнын негизги акционери болуп министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги эсептелет (акциялардын 99%), ал эми 1% акция Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине таандык.

Эске салсак, 2025-жылдагы Улуттук банктын бардык кирешесин соцчыгымдарга жумшоо чечими кабыл алынган. 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.