2025-жылдагы Улуттук банктын бардык кирешесин соцчыгымдарга жумшоо чечими кабыл алынды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кирешесин которуу жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун карап, үч окууда кабыл алышты.

2025-жылдагы Улуттук банктын бардык кирешесин соцчыгымдарга жумшоо чечими кабыл алынды
Cүрөт: Интернеттен алынды

Мыйзам долбоорун министрлер кабинети демилгелеген. Документти 4-февралда финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев депутаттарга тааныштырды.

Мыйзам долбоору республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан. Анда КРнын Улуттук банкынын 2025-жылга карата пайдасынын 100%ын республикалык бюджетке чегерүү каралган.

Кабыл алынган мыйзам социалдык маанилүү чыгымдарды каржылоону камсыз кылып, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын турукташтырууга көмөктөшөт деп күтүлүүдө.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.