Делегация улуттук валюта чыгарылган зээрканага, басма продукцияларды мукабалоо жана басма цехтерине барып, андан ары акциздик маркаларды жана мамлекеттик маанидеги документтер менен таанышты.
Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы өндүрүштүн деңгээлине канааттануусун билдирип, кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди. Ошондой эле Того тарап ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, паспортторду жана улуттук валютаны чыгарууга буюртма берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендигин айтты.

Бүгүнкү күндө автотранспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо номерлери, айдоочулук күбөлүктөр, жалпы жарандык паспорттор, ID-карталар жана башка мамлекеттик маанидеги басма продукциялары толугу менен «Учкун» ишканасында даярдалат.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 9-июнунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада, Садыр Жапаров «Кыргызстан улуттук валютанын банкнотторун республиканын чегинде басып чыгара баштайт» деп билдирген. 2025-жылдын март айында улуттук валютадагы банкноттун үлгүсү президент Садыр Жапаровго тааныштырылган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.