Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Садыр Жапаров: Тышкы карыз ИДПнын 39 пайызын түзөт

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы ИДПнын 39 пайызын түзөрүн билдирди.

Садыр Жапаров: Тышкы карыз ИДПнын 39 пайызын түзөт
Иллюстрациялык сүрөт

Анын айтымында, өкмөткө бул санды келечекте эң көп болсо 50 пайыздан ашырбоо керектиги тууралуу тапшырманы койгон.

Өлкө башчысы белгилегендей, 2020-жылга чейин мамлекеттин тышкы карызы ИДПнын 120 пайызын түзүп келген.

«Ар бир алынган карыз мурдагыдай кумга сиңген суудай болуп кетпестен көрүнүктүү, 100 пайыз көзөмөлгө алынган, келечекте өз карызын өзү жапкан долбоорлорго жумшалып жатат», - деп билдирди президент. 

Ошондой эле Жапаров көп эле өлкөлөр ИДПсынын өлчөмүнөн 100 пайыздан ашып кетишкенин, бирок Кыргызстан аларды үлгү кылбашы керектигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь-июнь айларында Ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү 960 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,9%га өскөн.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.