Мобилдик тиркеме аркылуу бир катар нотариалдык аракеттерди электрондук форматта жүргүзүүгө мүмкүн: жашы жете электердин өлкөдөн чыгышына ата-энелердин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн макулдугун күбөлөндүрүү, жашаган жери боюнча каттоого турууга макулдук берүү, паспорт алуу, жарандыкты алуу же андан чыгуу боюнча макулдуктарды күбөлөндүрүү, ошондой эле мамлекеттик органдардан документтерди алуу, жүктөрдүн бажы тариздөөсүн жүргүзүү жана мамлекеттик мекемелерде кызыкчылыктарын коргоо үчүн (мүлктү өткөрүп берүүсүз) ишеним каттарды күбөлөндүрүү.
Тиркеме аркылуу нотариалдык аракеттер Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет мамлекеттерде жүргөн жарандарга, юридикалык жактарга карата, улуттук мыйзамдардын жана эл аралык келишимдердин талаптары сакталган учурда аткарылат.
Жаңы санариптик курал нотариат тутумун реформалоонун алкагында ишке киргизилип, жарандарга жана юридикалык жактарга нотариалдык кызматтарга аралыктан жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган.
Эске салсак, Кыргызстанда нотариалдык ишмердүүлүк эрежелери жаңыланган. Ал министрлер кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы №121 токтому менен бекитилген.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.