Бул тууралуу Каржы министрлигинин отчетунда айтылат.
Бул сумманын ичинен:
- ички карыз — 414,5 млрд сом ($4,74 млрд), же 47,6%;
- сырткы карыз — 455,8 млрд сом ($5,21 млрд), же 52,4%.
Жалпы карыздын көлөмү 2026-жылга болжолдонгон ички дүң продукциянын 42,1 пайызына барабар. Салыштыруу үчүн айтсак, бул көрсөткүч 2024-жылы 36,2%ды түзгөн болсо, 2025-жылга карата алдын ала 39,5% деп бааланган.
Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы 1,41 миллиард доллар өлчөмүндөгү төлөнө элек карыз менен Кыргызстандын эң ири кредитору бойдон калууда. Эл аралык уюмдардын ичинен эң ири милдеттенмелер Дүйнөлүк банк (928,2 миллион доллар) жана Азия өнүктүрүү банкы (867,9 миллион доллар) алдында турат.
Мындан тышкары, тышкы карыздын түзүмүнө Кыргызстан тарабынан эл аралык рынокто жайгаштырылган 700 миллион долларлык еврооблигациялар кирет.
Садыр Жапаров буга чейин өлкөнүн мамлекеттик карызы ИДПнин 50 пайызынан ашпоого тийиш экенин билдирген.
2025-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы $8 млрд 920,62 млн түзгөн.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.