Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

DemirBank'тан «Онлайн-кредитке пайыздык ченди өзүң танда» Супер Акциясы!

Кыргызстанда алгачкы жолу мобилдик тиркемеде онлайн-насыя боюнча пайыздык ченди өз алдынча тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болду.

DemirBank'тан «Онлайн-кредитке пайыздык ченди өзүң танда» Супер Акциясы!

DemirBank «Онлайн-кредитке пайыздык ченди өзүң танда» аттуу жаңы акциясын тартуулайт. Бул кардарларга онлайн-насыя тариздөөдө каалаган пайыздык ченди өз алдынча аныктоого алгачкы жолу жол ачкан уникалдуу сунуш болуп саналат.

Эми кардар насыяга өтүнмө эле бербестен, DemirBank мобилдик тиркемесинде пайыздык ченди өзү тандайт. Насыянын суммасы, мөөнөтү жана каалаган пайыздык чен тандалгандан кийин, өтүнмө Банк тарабынан күн сайын өтүүчү кароого автоматтык түрдө катышат.

Пайыздык ченди 0%дан 19,99%га чейинки диапазондо 0,5% кадам менен тандоого болот.

Сиз тандаган пайыздык ченди саат 18:00гө чейин өзгөртө аласыз.

Күн сайын саат 18:00дө Банк акциянын алкагында толтурулган бардык өтүнмөлөрдү карап чыгат. Өтүнмөлөрдү кароо тандалган пайыздык чендин төмөндөө тартибинде жүргүзүлөт. Ал эң жогорку ченден башталып, күнүмдүк насыя берүү лимити - 2 000 000 сомго жеткенге чейин төмөндөө тартибинде уланат.

Кароонун жыйынтыгы тууралуу кардар уюлдук тиркемедеги push-билдирүү аркылуу биле алат. Эгерде тандалган пайыздык чен жактырылса, насыяны 24 сааттын ичинде тариздөө зарыл.

Эгерде кардар тандаган пайыздык чен күнүмдүк лимиттин алкагында жактырылбай калса, Банк насыяны учурдагы стандарттык пайыздык ченден 1 пайыздык пунктка төмөн болгон чен менен тариздөөнү сунуштай алат.

DemirBankта: «Өз пайыздык чениңди танда» акциясы - бул Кыргызстан үчүн онлайн-насыя тариздөөнүн жаңы форматы. Ал тандоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана Тиркеме менен иштөөнү дагы да ыңгайлуу кылат», - деп белгилешти.

Акция 2026-жылдын 3-августунан тартып 31-октябрына чейин (толук күн) өтөт.
Акциянын толук шарттары менен DemirBank мобилдик тиркемесинен жана Банктын расмий сайтынан таанышууга болот.

КРУБ №035 лицензиясы.

ЖНПЧ 22,3%га чейин.

Маанилүү: Материал жарнама катары жарыяланган.
Мазмун толугу менен кардар тарабынан түзүлгөн жана Banks.kg редакциясынын пикирин чагылдырбашы мүмкүн. Маалыматтар маалыматтык максатта гана берилет. Жарнамалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жарнама берүүчүлөр гана жооптуу.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.