Алимент өндүрүүдөгү юристтердин кызматын арзандатуу сунушталды
Депутат Жылдыз Курманалиева айрым категориядагы иштер боюнча юридикалык өкүлдөргө коюлган талаптарды жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Кеп биринчи кезекте алимент өндүрүү жана 10 миң сомго чейинки мүлктүк талаш-тартыштар тууралуу болуп жатат.
Мындай иштер боюнча юристтерге коюлган айрым талаптардан өзгөчөлүк киргизүү укугун Юстиция министрлигине берүү сунушталууда. Бул жарандардын кызыкчылыктарын сотто өкүлчүлүк кыла ала турган адистердин чөйрөсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Демилгенин автору бул юридикалык жардамды жеткиликтүүрөөк кылат деп эсептейт. Айрыкча кирешеси аз адамдар үчүн маанилүү, анткени юристтердин кызматынын баасы кээде талаштын өзүнүн суммасынан да кымбат болуп калышы мүмкүн.
Эске салсак, 2024-жылы Кыргызстанда дээрлик 2 млн адам жакырчылык чегинен төмөн жашары белгилүү болгон.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.