Кыргызстанда эки миллиондой адам жакырчылыкта жашайт

Улуттук статистика комитети 2024-жылдагы жарандарынын жашоо деңгээлине байланыштуу изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады, сурамжылоо жалпы 5 016 үй-бүлөнү камтыган.

Кыргызстанда эки миллиондой адам жакырчылыкта жашайт
Иллюстрациялык сүрөт

Маалыматка ылайык, 2024-жылы жашоо чыгымдарына негизделген жакырчылык деңгээли 25,7%ды түзгөн. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 4,1%га төмөндөгөн көрсөткүч. 

Жакырчылык чегинен төмөн жашагандардын саны 1 млн 871 миң адамды түзөт, алардын 61,9% — айыл жергесинде жашагандар.

Жакырчылыктын чеги керектөө бааларынын орточо жылдык индексин индексациялоонун негизинде эсептелген. 2024-жылы ал жалпысынан өткөн жылдын 105%ын түздү:

  • тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар боюнча - 101,7%; 
  • азык-түлүк эмес товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча - 107,7%.

2024-жылы жакырчылыктын чеги ар бир кишиге жылына 65 417 сом, ал эми өтө жакырчылыктын чеги - 41 349 сом деп белгиленген.

Социалдык топтор

Балдар арасында (0–17 жашта) жакырчылык деңгээли эң жогорку: 33,1%, же болжол менен 954,5 бала жакырчылыкта жашаган. 

Айыл аймактары жана шаар жергесинде

  • Айыл жеринде жакырчылык 1,8%га төмөндөгөн;
  • шаарларда 7,3%га төмөндөгөн. 

Аймактар боюнча динамика

Жакырчылыктын деңгээлинин төмөндөшү өлкөнүн бардык аймактарында катталган:

  • Чүй облусу — 4,9%га;
  • Баткен — 4,1%га;
  • Талас — 3,3%га;
  • Жалал-Абад — 3,2%га;
  • Ысык-Көл — 2,6%га; 
  • Нарын — 2,1%га. 

Ири шаарлардагы көрсөткүч:

  • Бишкек — 9%га төмөндөдү; 
  • Ош — 6,3%га. 

Өтө жакырчылык 

2024-жылы өтө жакырчылыктын деңгээли 2,7%ды түзгөн, бул 2023-жылга салыштырмалуу 2,3%га төмөн. Өтө жакырчылыктын чегинде 198,3 миң адам бар, анын ичинен 58,5% айыл тургундары.

Көрсөткүчтүн эң көп төмөндөөсү Баткен облусунда (-4,3%), Ысык-Көлдө (-3,7%) жана Жалал-Абадда (-3,4%) катталган. Бишкекте өтө жакырчылыктын деңгээли 3%га, Ош шаарында 1,4%га төмөндөдү.

Айыл жеринде өтө жакырчылык 2%га, шаарларда - 2,6%га кыскарган.