Бул тууралуу Кыргызстандын HeadHunter платформасы билдирет.
Иш берүүчүлөр жогорку жана орто даражадагы жетекчилерге эң жогорку айлык акы катары - 90 000 сом сунуштоого даяр.
Андан кийинки орундарда автоунаа бизнеси - 66,3 миң сом, маркетинг, жарнама жана PR - 58,8 миң сом, ошондой эле курулуш жана кыймылсыз мүлк тармагы - 56,3 миң сом турат.
Шаарлар арасында эң жогорку медианалык айлык акылар төмөнкүлөрдө сунушталат:
- Жалал-Абад - 60 миң сом;
- Бишкек - 58,3 миң сом;
- Ош – 55, 3 сом.
Бирок, медианалык эмгек акынын өсүшү бардык эле аймактарда байкалган жок. Эң олуттуу өсүү Токмок (+21,8%), Кадамжай (+13,4%) жана Кара-Балта (+11,1%) шаарларында катталды. Ошол эле учурда Кант, Каракол жана Балыкчы шаарларындагы иш берүүчүлөр бир жыл мурункуга караганда төмөнүрөөк эмгек акы сунуштай башташты.
Буга чейин Статком билдиргендей, Кыргызстанда 2026-жылдын январь-май айларында орточо айлык эмгек акы 51 888 сомду түзгөн, ошондой эле өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25%га жогорулаган.
Медианалык эмгек акы – бул кызматкерлердин жарымы андан көп, ал эми калган жарымы андан аз айлык алган деңгээл. Бул көрсөткүч орточо эмгек акыга караганда тагыраак деп эсептелет, анткени ага өтө жогору айлык алган саналуулардын кирешеси таасир этпейт.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.