Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстандыктар дээрлик 52 миң сомдой айлык алып башташты

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-май айларында орточо айлык эмгек акы 51 888 сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ал 25%га өстү.

Кыргызстандыктар дээрлик 52 миң сомдой айлык алып башташты
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов брифингде билдирди.

Эмгек акынын эң олуттуу өсүшү төмөнкү тармактарда катталды:

  • искусство, көңүл ачуу жана эс алуу;
  • саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар;
  • билим берүү;
  • айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоо;
  • суу менен камсыздоо жана калдыктарды башкаруу;
  • кыймылсыз мүлк ишмердүүлүгү;
  • каржы жана камсыздандыруу;
  • курулуш;
  • транспорт жана кампалык чарба.

Өлкө экономикасынын бир катар негизги тармактарында бир убакта эмгек акынын өсүшү байкалууда.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын январь-апрель айларында орточо айлык эмгек акы 49,7 миң сомду түзгөн.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.