Чогулуштун жыйынтыгы менен «Кепилдик фонд» ААКсынын 2024-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердиги жана бюджеттин аткарылышы боюнча, ошондой эле директорлор кеңешинин отчеттору бекитилип, 2024-жылга баланс, пайда жана чыгашалар эсеби боюнча иш-аракеттердин жылдык жыйынтыктары каралып жана 2025-жылга бюджет бекитилди.
«Кепилдик фонд» ААКсынын 2024-жылга карата 398,9 миллион сомдон ашык кирешесинин 100%ын акционерлерге дивиденддерди төлөөгө багыттоо чечими кабыл алынды.
Абдыров Төлөнбек жана Тоялиев Улан «КФ» АККсынын директорлор кеңешинин жаңы мүчөлөрү болуп шайланышты.
«Кепилдик фонд» ААКсынын акционерлери болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Мамлекеттик агенттиги саналат, алар 91,22% жана 8,78% акциясына ээлик кылышат.
Фото: www

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.