Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн мамлекеттик ипотекага катышуу эрежелерин өзгөртүүнү көздөшүүдө

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы «Менин үйүм» мамлекеттик турак-жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу президенттин жарлыгынын долбоорун коомдук талкууга койду.

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн мамлекеттик ипотекага катышуу эрежелерин өзгөртүүнү көздөшүүдө
Иллюстрациялык сүрөт

Документ укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөп жаткан мезгилде, алар кайсы аймакта убактылуу жайгаштырылбасын, программага катышуу укугун берет.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарынын табияты өлкөнүн бардык аймактарында, анын ичинде алыскы жана чек ара аймактарында тез-тез көчүрүү жана ротацияларды талап кылат. Мында программанын катышуучуларын тандоо тартиби катышууну жумуш ордуна же каттоосуна байлайт. Кызматкер өз демилгеси менен аймагын алмаштырган учурда, кезектеги тизмеден чыгарылып, жаңы арыз тапшырууга тийиш.

Ипотекалык насыялоо программасы 25 жылга чейин созулушу мүмкүн экенин эске алганда, мындай аймактык байланыш иш жүзүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин турак жайга болгон укугун чектей турганы айтылат. Сунушталган өзгөртүүлөр аларга кызмат өтөгөн жерине карабастан, жашай турган аймакты алдын ала тандоого мүмкүндүк берет.

ЖАМК белгилегендей, бул демилге социалдык гана эмес кадрдык да мааниси бар, анткени ал кызматкерлерди социалдык жактан коргоонун деңгээлин жогорулатууга жана укук коргоо органдарынын кадрдык потенциалын бекемдөөгө багытталган. 

Долбоордо президенттин 2024-жылдын 17-июлундагы №191 жарлыгы менен бекитилген «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибинде тиешелүү норманы бекитүү сунушталууда.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.