Министрлер кабинети өзүнүн токтому менен Кыргызстандын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу Минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Документ өлкөнүн аймагында ломбарддардын ишин жүзөгө ашырууга лицензиялары бар бардык юридикалык жактардын ишине жайылтылат.
КРнын Министрлер Кабинети ломбарддардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата төмөнкүдөй токтом кылат:
- 2025-жылдын 1-январынан тартып – 3 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө;
- 2026-жылдын 1-июлунан тартып – 7 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө;
- 2027-жылдын 1-июлунан тартып – 14 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө;
- 2028-жылдын 1-июлунан тартып – 20 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө.
Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жободо төмөнкүлөр тууралуу маалымат берилет:
- филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу жана жабуу тартиби;
- ломбарддын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн милдеттери;
- ломбард тарабынан кассалык операцияларды жана зайымдарды берүү боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби;
- ломбарддын бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу;
- ломбардды кайра уюштуруу жана жоюу;
- кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү системасын уюштурууга карата талаптар.
Ломбард ишинин субъекттери алты айлык мөөнөттө өз иштерин Кыргызстандын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарына ылайык келтириши керек.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын июль айында Финансылык көзөмөл органы күрөөканалардын минималдуу уставдык капиталын көбөйтүүгө багытталган ченемдик-укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоо башталганын билдирген. Сунушталып жаткан өзгөртүү 2026-жылдын 1-июлунан 2028-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилде күрөөканалардын минималдуу уставдык капиталын 3 миллион сомдон 20 миллион сомго чейин жогорулатууну караган.
Салыштыруу үчүн, 2022-жылдын 1-июлунан тартып ломбарддар үчүн уставдык капиталдын төмөнкү минималдуу талаптары белгиленген:
- 2022-жылдын 1-июлунан тартып - 1 миллион сомдон кем эмес;
- 2023-жылдын 1-январынан тартып - 2 миллион сомдон кем эмес;
- 2025-жылдын 1-январынан баштап - 3 млн сомдон кем эмес.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.