Күрөөканалардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 6 эсеге көбөйтүлүшү мүмкүн

Жөнгө салуунун максаты
Сунушталып жаткан өзгөртүү 2026-жылдын 1-июлунан тартып күрөөканалардын минималдуу уставдык капиталын 3 миллион сомдон 20 миллион сомго чейин жогорулатууну карайт. Негизги максат - күрөөканалардын финансылык туруктуулугун бекемдөө жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу болуп саналат.
Маселелер
Бүгүнкү күндө 3 миллион сом өлчөмүндө белгиленген минималдуу капитал ломбарддарга төмөнкүлөргө жол бербейт:
- банк кредиттерин тартуу (финансылык туруктуулуктун жетишсиздигинен);
- модернизациялоого жана жабдууларга инвестиция салуу;
- узак мөөнөттүү жана ачык-айкын ишти камсыз кылуу.
Мындан тышкары, аталган кызмат белгилегендей, рынокто «убактылуу» компаниялардын санынын көбөйүшү байкалууда, бул кардарлар үчүн тобокелдиктерди жаратып, тармакка болгон ишенимди кетирүүдө.
Сунушталган чаралар
- Уставдык капиталды 20 миллион сомго чейин көбөйтүү;
- КРнын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы №353 токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- Күрөөкана ишмердүүлүгүнүн бардык катышуучулары үчүн бирдиктүү ченемдик-укуктук базаны жана стандарттарды иштеп чыгуу.
Капиталды төмөнкүлөр аркылуу көбөйтүүгө болот, деп болжолдонууда:
- компаниянын өздүк каражаттары;
- катышуучулардын кошумча салымдары;
- инвесторлорду тартуу.
Күтүлүп жаткан артыкчылыктар
- Рынокто туруктуу, капиталдаштырылган күрөөканалардын пайда болушу;
- Кардарлардын ишеним деңгээлин жогорулатуу;
- Кредиттер боюнча пайыздык чендердин потенциалдуу төмөндөшү;
Мүмкүн болгон кесепеттер
Маалыматка ылайык, бизнес үчүн да, мамлекеттик бюджет үчүн да эч кандай терс кесепеттер же кошумча чыгымдар күтүлбөйт.
Статистика
2025-жылдын 1-июлуна карата республикада лицензиясы бар 431 ломбард катталган:
- Бишкек — 36%;
- Ош облусу — 21%;
- Жалал-Абад облусу — 12%;
- Башка аймактар — 31%.
Аталган кызмат рыноктун катышуучуларын жана жарандарды төмөнкү маселелерди талкуулоого чакырат:
- Демилге канчалык негиздүү?
- Сунушталган чечим жетиштүү натыйжалуубу?
- Бул жөнгө салууну ишке ашыруу кандай тобокелдиктерди алып келиши мүмкүн?
- Максатка жетүү үчүн башка альтернативалык чаралар барбы?
Сунуштарды жана сын-пикирлерди белгиленген тартипте жогорудагы ведомстовго жөнөтсө болот.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.