Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Кабар агенттигине билдиргендей, учурда минималдуу пенсиянын өлчөмү 7 100 сомду түзөт, эми 1-октябрдан тарта минималдуу пенсия 8 800 сомго көбөйөт.
Анын айтымында, мурда пенсия жыл сайын 200-300 сомго, эң көп дегенде 500 сомго көбөйчү. Бул жылы 1 миң 700 сомго жогорулайт.
Эске салсак, 2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда орточо пенсия 11 238 сомду түзгөн. Өлкөдө жалпысынан 816,6 миң пенсионер эсептелген.
Буга чейин Социалдык фонд пенсия дайындоо процессин санариптештирип жатканы, мындан улам жарандарга пенсияга чыгуу үчүн документ чогултуунун кажети болбой турганы кабарланган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.