Каржылык көрсөткүчтөр:
- Бюджеттин кирешелери 130,1 млрд сомду түздү, бул 2024-жылга салыштырмалуу 12,9%га (14,8 млрд сомго) көп.
- Чыгымдар 127,1 млрд сомду түзүп, анын ичинен 110,3 млрд сому түздөн-түз пенсия төлөөгө багытталды.
Пенсия төлөмдөрүнүн бул көрсөткүчү мурунку жылга караганда 14,9 млрд сомго көп.
Бюджеттин профицити 3 миллиард сомду түздү.
Индексация жана пенсиянын орточо көлөмү
2025-жылдын 1-oктябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10%га (кеминде 600 сом) жогорулады. 50 миң сомдон жогору пенсия алгандар үчүн кошумча төлөм 5 000 сомду түздү.
2026-жылдын 1-январына карата өлкө боюнча орточо пенсия 11 238 сомду түздү. Учурда республикада 816,6 миң пенсионер бар.
Соцфонддон билдиришкендей, пенсиялар жыл бою өз убагында, кечиктирилбестен төлөндү, пенсия боюнча эч кандай карыз жок.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.