Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.
Чечим Финкөзөмөлдүн 2026-жылдын 28-сентябрындагы №517-п буйругунун негизинде кабыл алынган. Банкка каттоо номери 113 болгон брокердик ишмердикке лицензия жана каттоо номери 102 болгон дилердик ишмердикке лицензия берилди.
«Биз башынан эле баалуу кагаздар рыногун негизги багыттардын бири катары караганбыз жана эми кардарлар үчүн инвестициялык сервистердин топтомун ырааттуу кеңейте алабыз. Биздин милдет - банктык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү бир финансылык инфраструктуранын алкагында бириктирүү», - деп белгиледи Мурас Банк негиздөөчүсү жана акционери, кипрлик ишкер Сергей Ентц.
Лицензияларды алуу «Мурас Банк» капитал рыногундагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, салттуу банктык кызматтар менен катар инвестициялык багытты өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
«Мурас Банктын» негиздөөчүсү жана жалгыз акционери болуп Сергей Ентц саналат. 2025-жылдын август айында КРнын Улуттук банкы Сергей Енцтин директорлор кеңешинин төрагасы кызматына дайындалышын жактырган. Ал банк секторунда, баалуу кагаздарга инвестиция салууда жана өнүгүп келе жаткан рыноктордо каржылык долбоорлорду башкарууда 30 жылдык тажрыйбага ээ.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 3-июнунда КРнын Юстиция министрлиги чет өлкөлүк катышуусу бар уюм - «Мурас Банк» жабык акционердик коомун каттаган.
2026-жылдын май айында Улуттук банк «Мурас Банкка» улуттук жана (же) чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берген.
Июнь айында «Мурас Банк» Кыргызстандын депозиттерди коргоо системасына кошулуп, ал эми август айында банктын командасы брокердик лицензия алуу үчүн документтерди даярдап жатканы кабарланган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.