Улуттук банк жылдын экинчи интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк валюта рыногундагы акыркы операциялар боюнча маалымат берди. Жалпысынан эсептешүүнүн ар кандай мөөнөттөрү менен 109,95 миллион АКШ доллары ишке ашырылган.

Улуттук банк жылдын экинчи интервенциясын өткөрдү
Сүрөт: Интернеттен алынды

Финансылык жөнгө салуучу органдын сайтындагы маалыматына ылайык, 6-январга карата: 

  • 65,5 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылган;
  • 44,45 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылган.

Улуттук банк 2026-жылдагы биринчи интервенциясын 19-январда жүргүзүп, Кыргызстандын валюта рыногуна 134 миллион АКШ доллардан ашык сатты.

Эскерте кетсек, 2025-жылы Улуттук банк сегиз интервенция боюнча 853 миллион долларды ишке ашырган. Былтыр тескери интервенциялар болгон жок.

2020-жылдан 2025-жылга чейин Улуттук банк 107 интервенция жүргүзгөн. Алты жыл ичинде жөнгө салуучу валюта рыногуна дээрлик 3,8 миллиард АКШ долларын саткан.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.