Муну каржылык жөнгө салуучу органдын расмий сайтындагы маалыматтар тастыктап турат.
Улуттук банк билдиргендей:
- 106,5 млн доллар келишим түзүлгөн күнү эсептешүү менен ишке ашырылган;
- 73 миллион доллар келишим түзүлгөн күндөн башка күнү эсептешүү менен ишке ашырылган.
Буга чейин 5-декабрда, Улуттук банк валюта рыногуна 83 миллион АКШ долларын саткан.
Жыл башынан бери сегиз интервенция аркылуу 853 миллион АКШ доллары сатылды. 2025-жылы тескери интервенция жүргүзүлгөн жок.

Эске салсак, Улуттук банк 2020-жылдан 2024-жылга чейин 99 интервенция жүргүзгөн. Жөнгө салуучу орган валюта рыногуна 2,9 миллиард доллар саткан.
Белгилүү бир убакыттарда Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн турукташтыруу максатында валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзөт. КРнын Улуттук банкы чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу жолу менен интервенция жасайт, бул рыноктогу суроо-талаптарга, сунуштарга жана албетте алмашуу курсуна таасирин тийгизет.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.