Кыргызстандын Улуттук банкы рынокко дагы 140 миллион доллар сатты

КРнын Улуттук банкы 2026-жылдын төртүнчү интервенциясын жарыялады. Жыл башынан бери сомго колдоо көрсөтүүнүн көлөмү жарым миллиард доллардан ашты.

Кыргызстандын Улуттук банкы рынокко дагы 140 миллион доллар сатты
Иллюстрациялык сүрөт

Финансылык жөнгө салуучу органдын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 10-мартта:

  • 36 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылган;
  • 104 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылган. 

Улуттук банк бул жылы 3 интервенция жүргүздү: 

Эске салсак, 2025-жылы Улуттук банк сегиз интервенция боюнча 853 миллион долларды ишке ашырган. Былтыр тескери интервенциялар болгон жок.

2020-жылдан 2025-жылга чейин Улуттук банк 107 интервенция жүргүзгөн. Алты жыл ичинде жөнгө салуучу валюта рыногуна дээрлик 3,8 миллиард АКШ долларын саткан.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.