Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Улуттук банк насыя алуучулар үчүн жаңы коргоо механимзмин киргизди

Жаңы ченемдер карыздык жүктү эсептөөнүн катаал алгоритмин киргизип, кредиттердин, анын ичинде исламдык каржылоо принцибинин карамагындагы кредиттердин толук наркын ачыкка чыгарууну талап кылат жана керектөө кредиттери боюнча жалпы төлөмдөргө кредиттин суммасынын 60% өлчөмүндө чек коет.

Улуттук банк насыя алуучулар үчүн жаңы коргоо механимзмин киргизди
Сүрөт: BANKS.KG

Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу орган билдирди. 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2026-жылдын 23-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдүкиргизүү тууралуу» токтому кабыл алынды. 

2026-жылдын 1-августуна чейин коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар өздөрүнүн ички ченемдик документтерин ушул токтомдун талаптарында көрсөтүлгөн карыз оорчулугу көрсөткүчүн эсептөө тартибине тиешелүү бөлүгү боюнча ылайык келтирүүсү керек. 

Токтом Улуттук банктын ЧУА томөнкү КРнын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан: 

  • 2025-жылдын 28-октябрындагы «Керектөөчү кредит жөнүндө»;
  • 2025-жылдын 28-октябрындагы «Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө». 

Токтом төмөнкүлөр үчүн кабыл алынды:

  • займ алуучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
  • кредиттөө шарттарынын ачыктыгын жана салыштырылышын камсыз кылуу;
  • ашыкча карыз жүгүн болтурбоо;
  • адилетсиз аракеттерге жол бербөө;
  • КРнын Улуттук банкынын ЧУА Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган мыйзамдарына ылайык келтирүү.

Эми керектөө кредити боюнча бардык төлөмдөрдүн жалпы суммасы кредиттин суммасынын 60%нан ашпоого тийиш жана банктар кардарларга жогорку карыз жүгү менен байланышкан тобокелдиктер жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүгө милдеттүү. 

КРнын Улуттук банкынын 2009-жылдын 23-декабрындагы «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. 

«Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобо 

төмөнкү мазмун менен толукталсын:

Керектөөчү кредиттин толук наркы – карыз алуучунун келишим боюнча керектөөчү кредитти алуу жана тейлөө менен байланышкан бардык чыгашаларынын чогуу алгандагы өлчөмү, анын ичинде пайыздар (үстөк баа), комиссиялар жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле товардын (жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн ) наркынын керектөөчү кредитти берүүдөн улам көбөйүшү. 

Керектөөчү кредит – кредиттик союз тарабынан мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөөшарттарында, анын ичинде карыз алуучу керектөөчүкредит келишиминин алкагында акчалай милдеттенмени бөлүп төлөө (мөөнөтүн кийинкиге калтыруу) менен товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө максаттарында берилүүчүкредит же ислам принциптери боюнча каржылоо. Керектөөчү кредит жеке адамдарга ишкердик иш жана пайда табуу менен байланышпаган жеке, үй-бүлөлүк же тиричилик максаттары үчүн берилет. Ушул Жобонун максаттары үчүн турак жай кыймылсыз мүлкүн сатып алууга, курууга же бүтүрүүгө байланыштуу жана кыймылсыз мүлк менен камсыздалган кредиттер жана бөлүп төлөөлөр керектөөчү кредиттерге кирбейт. Керектөөчү кредиттер тараптардын макулдашуусу боюнча пайыздык чендерди (үстөк бааларды) эсептебестен берилиши мүмкүн. 

Кредит берүүнүн жалпы шарттары, пайыздык чендердин өлчөмү, кошумча баа, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акылар жана тарифтер жөнүндө маалымат кардарлар үчүн ачык жана жеткиликтүү болушу керек жана коммерциялык же банктык сырдын предмети боло албайт.  

Эгерде карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчү 60 пайыздан ашса, банк, керектөөчү кредиттик келишимин түзүүгө чейин карыз алуучуга милдеттенмелерди аткарбай коюу тобокелдиктери жана ага карата жоопкерчилик чараларын колдонуу мүмкүн экендиги жөнүндө кол койдуруу менен эскертүүгө милдеттүү, мында банк карыз алуучуну андан ары кредиттөөдөн баш тарткан же келишимдин шарттарына ылайык керектөөчү кредитин мөөнөтүнөн мурда толук кайтарып берүүнү талап кылган учурлар камтылбайт. Мындай көрсөтүлгөн учурда керектөөчү кредитин берүүгө карыз алуучуга тобокелдиктер жөнүндө маалымат берилгендигин тастыктаган, жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо гана жол берилет.  

Ушул сыяктуу талаптар Кыргызстандын коммерциялык банктарына жана микрокаржылык уюмдарына да тиешелүү.  

Токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Мында токтомго карата тиркеменин 2-пунктунун 11-пунктчасы эске алынбайт, ал 2026-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет. 

Документ менен толугураак бул шилтемени басып таанышууга болот.

Эске салсак, 2026-жылдын 16-мартында Улуттук банк жарандардын ашыкча карызы менен күрөшүүгө багытталган негизги түзөтүүлөрдү коомдук талкууга чыгарган. Анда КРнын Улуттук банкы керектөө кредити боюнча мыйзамдарды бузгандыгы үчүн финансы-кредиттик мекемелерге түздөн-түз таасир этүү чараларын колдонууну сунуштаган. Улуттук банк ошондой эле ислам каржылоо принциптери аркылуу керектөө кредиттерин берүү эрежелерин өзгөртүү боюнча маанилүү өзгөртүүлөрдү сунуштады

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.