Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады.
Документ Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын КРнын төмөнкү мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан:
- 2025-жылдын 28-октябрындагы № 237 «Керектөөчү кредит жөнүндө»;
- 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 «Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө».
Токтом долбоору төмөнкү максатта иштелип чыккан:
- кардарлардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
- каржылоо шарттарынын ачык-айкындуулугун жана салыштырмалуулугун камсыз кылуу;
- ашыкча карыз жүгүн алдын алуу;
- ак ниетсиз тажрыйбалардын алдын алуу;
- КР УБ ЧУА жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдарга ылайык келтирүү.
Документ менен банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын ишин жөнгө салуучу КРнын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилет:
- «Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сый акы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө жөнүндө» жобо;
- «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобо;
- «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө» жобо;
- «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобо;
- «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо;
- «Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо;
- «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо;
- Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы токтому менен бекитилген Мурабаха операциясын эсепке алуу тартиби.
Токтом долбооруна ылайык:
- «керектөө максаттарына каржылоо», «керектөө максаттарына каржылоонун толук наркы» деген аныктамалар киргизилген;
- ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзгөн банктарга, ФКУларга керектөө максаттарына каржылоо берилгенде кардарлардын карыздык жүгүнүн көрсөткүчтөрүн эсептөө талаптары, ошондой эле аларды жүргүзүү тартибине талаптар белгиленген;
- ФКУнун милдеттери келишим түзүлгөнгө чейин кардарды карыздык жүгү 60%дан ашса, милдеттенмелер аткарылбай калуу тобокелдиктери жана ага карата жоопкерчилик чараларынын колдонулушу жөнүндө кол койдуруп билдирүү жана керектөө максаттарына каржылоо берилүүгө жол берилген шартта, белгиленген чектөөлөргө ылайык;
- ФКУ кардардын керектөө максаттары үчүн алынган каржылоо жөнүндө ишенимдүү, толук жана кабыл алууга ыңгайлуу маалыматты, анын ичинде стандартташтырылган маалымат барагы түрүндө, анын бардык чыгымдарын абсолюттук суммаларда, номиналдык жылдык пайыздык мааниде жана эффективдүү пайыздык чен түрүндө берүүгө милдеттендирилген. Товардын, иштин же кызматтын баасына (наркына) салыштырмалуу кардардын карызынын суммасын көбөйтүүнүн же үстөк бааны/кирешелүүлүктү номиналдык жылдык пайыздык мааниге кайра эсептөөнүн методологиясы каралган;
- керектөө максаттарына берилген каржылоонун суммасынын 60% ашпаган өлчөмдөгү үстөк баа, комиссия, айыптык төлөм, туумдарды кошкондогу чегерилген жалпы суммасы (анын ичинде керектөө максаттарына каржылоону реструктуризациялоо учурунда);
- ФКУга мыйзамдардын талаптарын, анын ичинде «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» жана «Керектөөчү кредит жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен, каржылоо боюнча пайыздык чендин (үстөк баанын) чектик өлчөмү боюнча милдеттер жүктөлгөн;
- ФКУнун расмий интернет-сайтында пайыздык чендердин/керектөө максаттары үчүн каржылоо боюнча үстөктөрдүн өзгөрүшү жөнүндө маалыматты алар күчүнө кирген күндөн кечиктирбестен жарыялоосу аныкталды;
- керектөө максаттары үчүн бир каржылоону кайра каржылоонун саны чектелген (эки жолудан ашык эмес);
- кардардын керектөө максаттары үчүн каржылоо алууга байланыштуу камсыздандыруу келишимин түзүүгө же баш тартууга укугу белгиленген жана башкалар.
Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык терс натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Документ менен толук түрдө бул шилтемени басып таанышууга мүмкүн.
Эске салсак, 2026-жылдын 16-мартында КРнын Улуттук банкы жарандардын ашыкча карызы менен күрөшүүгө багытталган негизги түзөтүүлөрдү коомдук талкууга чыгарган. Эми КР УБ керектөө кредити боюнча мыйзамдарды бузган каржы институттарына түздөн-түз чара көрө алат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.