Бул виртуалдык активдер менен операцияларга байланыштуу тобокелдиктерди аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү жана минималдаштыруу механизмдерин өркүндөтүүнү талап кылат - деп билдирет КРнын Улуттук банкы.
КРнын Улуттук банк Башкармасынын «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүүөзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады.
Токтом долбоору виртуалдык активдерге байланышкан операциялардын өнүгүшүнө, санарип финансылык технологияларды колдонуунун кеңейишине, ошондой эле коммерциялык банктардын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ички контролдоо системаларын мындан ары да өнүктүрүүзарылдыгына байланыштуу иштелип чыккан.
Эмне сунушталууда
1. Кардарлар/контрагенттер менен ишкердик мамилелерди түзүүдө, ошондой эле виртуалдык активдер менен байланышкан операцияларды жүзөгө ашырууда, банк мындай операциялардын өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде тобокелдик мүнөздөмөлөрүн, кардардын/контрагенттин түрүн, операцияларды жүргүзүү үчүн колдонулган каналдарды, юрисдикцияны, операциялардын ачык-айкындуулук деңгээлин, жөнөтүүчүнү жана алуучуну аныктоо мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле тобокелдиктерди баалоо үчүн мааниге ээ болгон башка жагдайларды эске алуу менен тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонот.
2. Кардарлар/контрагенттер менен ишкердик мамилелерди түзүүдө, ошондой эле виртуалдык активдер менен байланышкан операцияларды жүзөгө ашырууда, банк ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгүмыйзамдарда каралган көлөмдө виртуалдык активдерди жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө маалыматтарды алууну, чогултууну, текшерүүнү жана берүүнү камсыз кылат. Банк виртуалдык активдердин келип чыгышын аныктоого жана текшерүүгө багытталган ыкмаларды колдонууну камсыз кылат. Көрсөтүлгөн маалыматтар жок же жетишсиз болгон учурда, банк операциянын тобокелдик деңгээлин баалайт жана операцияны жүргүзүүдөн баш тартууну кошо алганда, кошумча контролдоо чараларын колдонуу маселесин карайт.
3. Банк кардардын контрагентинин статусун аныктоо боюнча чараларды көрөт, анын ичинде мындай контрагент жөнгө салынуучу виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочу болуп саналарын же саналбасын аныктайт. Банк виртуалдык активдер менен операциялар боюнча тобокелдиктерди баалоодо виртуалдык активдердин келип чыгышын жана кардардын каражаттарынын булактарын эске алат.
4. Банк техникалык мүмкүнчүлүк болгон учурда жана тобокелдиктердин шайкештигин эске алуу менен виртуалдык активдер менен операцияларды талдоонун автоматташтырылган инструменттерин, анын ичинде блокчейн-аналитика инструменттерин пайдаланууга укуктуу. Банк тобокелдиктерди баалоо үчүн зарыл болгон көлөмдө активдердин булагын жана аралык звенолорду аныктоону кошо алганда, операциялардын чынжырчасына талдоо жүргүзө алат. Банк виртуалдык активдердин, даректердин же контрагенттердин санкциялык тизмелерге киргизилген адамдар, даректер, капчыктар же виртуалдык активдер менен байланышы жөнүндөмаалыматтарды эске алат.
Транзакциялар жөнүндө маалыматтарды жашырууга багытталган сервистерге байланыштуу операцияларга өзгөчө көңүл бурулат.
5. Банктын ички контролдоо системаларында жогору тобокелдик белгилерин камтыган виртуалдык активдер менен операцияларды аныктоо каралышы зарыл, анын ичинде:
- жөнгө салынбаган виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочулардын катышуусу менен жүргүзүлгөн операциялар;
- ээсин аныктоого мүмкүн болбогон капчыктарды пайдалануу;
- виртуалдык активдердин келип чыгышын жана жылышын көзөмөлдөөнү кыйындатууга багытталган операциялар;
- активдердин келип чыгышын жашырууга багытталган сервистерди пайдалануу;
- операциялардын кардардын профилине шайкеш келбеши;
- банктын ички документтеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгүмыйзамдарынын талаптарында белгиленген башка белгилер.
Көрсөтүлгөн операцияларды аныктоо тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы эске алуу менен кошумча талдоо жүргүзүү жана чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
6. Банк виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочулар менен ишкердик мамилелерди түзүүдө жана виртуалдык активдер менен операцияларды жүзөгө ашырууда, мындай мамилелерге жана операцияларга байланышкан тобокелдиктерди эске алууга жана банк тарабынан аныкталган тобокелдик деңгээлине жараша талаптагыдай текшерүү чараларын колдонууга укуктуу. Тобокелдик деңгээли жогору болгон учурда, банк кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонот.
7. Банк виртуалдык активдер менен операциялар тууралуу маалыматтын, анын ичинде жөнөтүүчү, алуучу жана колдонуудагы даректер (бар болсо) тууралуу маалыматтардын, Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД мыйзамдарынын талаптарын аткаруу үчүн жетиштүү көлөмдөсакталышын камсыз кылат.
8. Банктын ички документтеринде төмөнкүлөр каралууга тийиш:
- виртуалдык активдер менен операцияларды жүзөгөашырган кардарлар, анын ичинде виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочулар менен өз ара иш алып баруу тартиби;
- виртуалдык активдер менен байланышкан тобокелдиктерди идентификациялоо, баалоо жана тескөө тартиби;
- виртуалдык активдер менен жүзөгө ашырылган операцияларга мониторинг жүргүзүү жана контролдоо чаралары;
- кардарлардын виртуалдык активдеринин келип чыгышын жана каражаттарынын булагын аныктоо тартиби;
- банктын жүргүзгөн ишинин масштабына жана мүнөзүнө шайкеш келген көлөмдө блокчейн аналитика инструменттерин колдонуу тартиби.
- Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка жол-жоболор.
9. Банк төмөнкү учурларда тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы жана ички жол-жоболорду эске алуу менен виртуалдык активдер менен байланышкан операцияларды жүргүзүүдөн баш тартууга укуктуу:
- тобокелдикти баалоо үчүн зарыл болгон маалыматтын жоктугу (жөнөтүүчү/алуучу жөнүндө);
- активдердин келип чыгышын аныктоо мүмкүн болбогондо;
- кошумча контролдоо чараларын колдонуу аркылуу тийиштүү түрдө төмөндөтүүгө мүмкүн болбогон жогорулатылган тобокелдик белгилеринин болушу;
- Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган башка учурлар;
Жогорку тобокелдиктүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет.
10. Виртуалдык активдерге байланышкан ишти жүзөгө ашырган кардарлар/контрагенттер менен ишкердик мамилелер түзүлгөнгө чейин, банк мындай мамилелерге жана операцияларга байланышкан тобокелдиктерди аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү жана тескөө үчүн ички контролдоо системаларынын, кадрдык, техникалык жана уюштуруу ресурстарынын жетиштүүлүгүн баалоого милдеттүү. Виртуалдык активдерге байланышкан ишти жүзөгөашырган кардарлар жана контрагенттер менен ишкердик мамилелерди түзүү жөнүндө чечим банк жетекчилиги тарабынан тобокелдиктерди баалоонун, талаптагыдай текшерүүнүн натыйжаларынын жана банктын тиешелүү тобокелдиктерди натыйжалуу тескөөнү камсыз кылууга даярдыгынын негизинде кабыл алынат.
11. Банк виртуалдык активдерге, бөлүштүрүлгөн реестрлер технологияларын колдонууга, ошондой эле виртуалдык активдерди сунуштоочулар катышуусуз жүргүзүлгөн операцияларга (P2P-операциялар) байланышкан тобокелдиктерди эске алууга тийиш.
Токтом долбоору эл аралык стандарттарды жана Терроризмди каржылоого жана акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү жагында эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана аларды жайылтуу боюнча топтун (ФАТФ) сунуш-көрсөтмөлөрүн эске алуу менен иштелип чыккан, аларда ички көзөмөл чараларын күчөтүү, тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма жана виртуалдык активдер менен бүтүмдөрдү жүргүзгөн кардарларды тейлөөгө байланышкан тобокелдиктерди тийиштүү башкаруу зарылдыгы каралган.
Белгиленгендей, токтом долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларга алып келбейт.
Документ менен толук бул шилтемени басып таанышууга болот.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.