КРнын Улуттук банкы накталай акча алууга карата көзөмөлдү күчөтөт.
Улуттук банк Башкармасы төмөнкүлөргө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады:
- «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого;
- «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобо;
- Улуттук банктын айрым ЧУА террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү толуктоолорду киргизүү тууралуу.
Документ юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин эсептеринен накталай акча алуу жана транзиттик операциялар менен байланышкан шектүү каржылык операциялардын жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоонун тобокелдиктерин азайтуу боюнча чараларды күчөтүү максатында иштелип чыккан.
«Күрөөсүз керектөө насыяларынын топтолушун эске алуу менен, күрөөсүз 2022-2024-жылдар аралыгында террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерине улуттук баа берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчетко ылайык, финансылык сектор тарабынан өзгөчө көңүл бурууну талап кылган тобокелдиктердин бири болуп акча каражаттарын накталай алуу максатында номиналдык жана контролго алынган компанияларды, ошондой эле жеке ишкерлерди пайдалануу саналат. Улуттук тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн тобокелдик жогорку деңгээлдеги тобокелдикке киргизилген», - деп жазылат токтом долбоорунун түшүндүрмө берүүчү бөлүгүндө.
Аныкталган схемалардын алкагында юридикалык жактар жана жеке ишкерлер, анын ичинде фиктивдүүлүк белгилери бар же формалдуу түрдө мыйзамдуу иш жүргүзгөн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер банктык эсептерге келип түшкөн акча каражаттарын, анын ичинде чет өлкөдөн которуу жолу менен келип түшкөн акча каражаттарын алуу жана андан ары накталай алуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
Көмүскө схемалар жана жасалма иш-аракеттер
Мында операцияларга мыйзамдуу чарбалык иштин көрүнүшүн берүү максатында фиктивдүү келишимдик мамилелер жана өз ара эсептешүүлөр, анын ичинде иш жүзүндө жүзөгө ашырылбаган, аз көлөмдө жүзөгө ашырылган же башка мүнөзгө ээ болгон товарларды берүү жана кызматтарды көрсөтүү боюнча келишимдик мамилелер жана өз ара эсептешүүлөр пайдаланылышы мүмкүн.
«Мындай схемалар көп баскычтуу мүнөзгө ээ болушу мүмкүн, мында акча каражаттары иштеп жаткан, номиналдык же контролго алынган бир нече ишкердик субъекттеринин эсептери аркылуу ырааттуу түрдө которулуп, андан кийин накталай алынат. Мындай механизмдерди пайдалануу операциялардын чыныгы экономикалык мазмунун, акча каражаттарынын келип чыгуу булагын жана акыркы багытын аныктоону кыйындатат жана банк тутумун кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) максатында пайдалануунун жогорулатылган тобокелдиктерин жаратат» - деп жазылат документте.
Буга байланыштуу 2026-жылга карата кылмыштуу ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) аныкталган тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча иш-чаралар Планы бекитилген.
Пландын 1-пунктуна ылайык, «Номиналдык/контролго алынган компанияларды же жеке ишкерлерди банктык эсептер боюнча акча каражаттарын накталай алуу жана транзиттик операцияларды жүргүзүү үчүн пайдалануу тобокелдигин төмөндөтүү» милдетинин алкагында юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин банктык эсептеринен банктын кассасы аркылуу акча каражаттарын накталай алуу боюнча операцияларга чектөө чараларын колдонуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо боюнча чара белгиленген.
Колдонуудагы жөнгө салуу кардарларды талаптагыдай текшерүү жана операцияларга мониторинг жүргүзүү боюнча жалпы талаптарды белгилейт, бирок акча каражаттарынын транзиттик кыймылына жана андан кийин накталай алынышына карата тобокелдик факторлорун жана банктардын аракеттерин кошумча конкреттештирүүнү талап кылат.
Токтом долбоору менен «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин эсептери боюнча акча каражаттарын накталай алуу жана транзиттик операцияларды жүргүзүүдө тобокелдикке багытталган ыкманы күчөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Токтом долбоору менен банктарга төмөнкү операцияларды өз убагында аныктоого мүмкүндүк берүүчү жогорулатылган тобокелдик белгилерин белгилөө сунушталууда:
- кардардын финансылык-чарбалык ишинин мүнөзүнө жана масштабына ылайык келбөө;
- транзиттик кыймылдын белгилери бар;
- акча каражаттарын накталай алуунун белгилери бар;
- айкын экономикалык мааниси жок.
Мындай белгилер аныкталган учурда операциянын экономикалык мазмунун, акча каражаттарынын келип чыгуу булагын жана кыймылын, ошондой эле акча каражаттарын накталай формада алуунун максатын талдоону камтыган кошумча текшерүү чараларын жүргүзүү каралат.
Белгиленгендей, долбоордун токтомун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Накталай акча алуу операцияларын жөнгө салуу боюнча эл аралык тажрыйба
Казакстанда ишкердик субъекттери тарабынан банктык эсептерден накталай акча каражаттарын алуу көлөмүн түздөн-түз жөнгө салуу механизми колдонулат. Календардык айдын ичинде накталай акча каражаттарын алуунун төмөнкү чектүү суммалары белгиленген:
- чакан ишкердик субъекттери үчүн – 20 млн теңге;
- орто ишкердик субъекттери үчүн – 120 млн теңге;
- ири ишкердик субъекттери үчүн – 150 млн теңге.
Кошумча түрдө банктык эсептен 10 млн теңгеден ашкан суммада накталай акча каражаттарын алуу боюнча операциялар финансылык мониторингге алынууга тийиш. Зарыл болгон учурда мындай операциялар боюнча кошумча маалыматтар талап кылынышы мүмкүн.
Орусияда негизинен кредиттик уюмдар тарабынан ички чектөөлөрдү белгилөөгө, адаттан тыш операциялардын белгилерин аныктоого жана кардарларга күчөтүлгөн мониторинг жүргүзүүгө негизделген тобокелдикке багытталган ыкма колдонулат.
Орусия Банкы кредиттик уюмдарга юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн бир операциялык күндүн ичинде корпоративдик карталарды пайдалануу менен алынышы мүмкүн болгон накталай акча каражаттарынын максималдуу өлчөмүн белгилөөнү сунуштайт. Тиешелүү методикалык сунуштарда багыт катары 100 миң рублден ашпаган өлчөм көрсөтүлгөн.
Мында операциянын жогорулатылган тобокелдигин күбөлөндүргөн белгилердин жыйындысы эске алынат. Аларга төмөнкүлөр кирет:
- кардардын жүгүртүүсүндө накталай алынган акча каражаттарынын олуттуу үлүшү;
- юридикалык жактын иш жүргүзүүсүнүн кыска мөөнөтү;
- минималдуу салыктык жүктөм;
- акча каражаттары келип түшкөндөн кийин кыска мөөнөттүн ичинде аларды үзгүлтүксүз накталай алуу;
- банк тарабынан белгиленген максималдуу өлчөмгө жакын суммаларды накталай алуу;
- бир нече корпоративдик карталарды негизинен накталай акча каражаттарын алуу үчүн пайдалануу.
Өзбекстанда накталай акча каражаттарын алуу боюнча операцияларды жөнгө салуу кардардын банктык эсебиндеги акча каражаттарын өз алдынча тескөө принцибине, кассалык тейлөөгө карата талаптар жана ПФПД/ЛПД максатында ички контролдук чараларын колдонуу менен айкалыштырууга негизделген.
Жарандык кодексине ылайык, кардар коммерциялык банктагы өз эсебинде турган акча каражаттарын өз алдынча тескейт. Банк кардардын акча каражаттарын пайдалануу багыттарын аныктоого жана контролдоого, ошондой эле мыйзамдарда же келишимде каралбаган, кардардын акча каражаттарын өз каалоосу боюнча тескөө укугун чектөөлөрдү белгилөөгө укуксуз. Банктык эсептеги акча каражаттары мыйзамдарда белгиленген тартипте кардар тарабынан накталай формада алынышы мүмкүн.
Мында мыйзамдарда юридикалык жактардын ортосундагы эсептешүүлөрдү, ошондой эле жарандардын ишкердик ишти жүзөгө ашыруусуна байланыштуу алардын катышуусу менен эсептешүүлөрдү негизинен накталай эмес формада жүргүзүү каралган. Эгерде мыйзамдарда башкасы белгиленбесе, мындай эсептешүүлөрдү накталай формада жүргүзүүгө жол берилет.
Казакстан, Орусия жана Өзбекстандын тажрыйбасын талдоо накталай акчаны алуу операцияларын жөнгө салуунун ар кандай моделдери колдонуларын көрсөтүп турат.
Токтом менен толук түрдө бул шилтемени басып тааныша аласыз.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.