Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Улуттук банк 2022-жылы киргизилген валюталык операцияларга карата антикризистик чектөөлөрдү алып салды

Татаал геосаясий кырдаалда экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана тобокелдиктерди азайтуу максатында мурда кабыл алынган документ учурда  жокко чыгарылды.

Улуттук банк 2022-жылы киргизилген валюталык операцияларга карата антикризистик чектөөлөрдү алып салды
Иллюстрациялык сүрөт

КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 27-июлунда 2022-жылдын 22-июлундагы «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтому кабыл алынды. 

Финансылык жөнгө салуучу орган билдиргендей, токтомго ылайык, «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтому, ошондой эле анын колдонулушун токтотуп туруу жөнүндө Улуттук банктын токтомдору күчүн жоготту деп таанылды. 

Эске салсак, КРнын Улуттук банкы 2022-жылдын 22-июлунда «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтому төмөнкү максатта кабыл алынган:

  • Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу;
  • Терс кесепеттерди жана тобокелдиктерди, ошондой эле алардын ички каржы рыногуна тийгизген таасирин азайтуу.

Ал кезде Улуттук банк чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларына байланыштуу убактылуу чараларды кабыл алып, коммерциялык банктарга чектөө киргизген - бир календардык күндүн ичинде каалаган убакта алмаштыруу бюросу менен жүргүзүлгөн алмаштыруу операцияларынын көлөмү ошол бюронун жүгүртүү каражаттарынын өлчөмү менен чектелген.

Улуттук банк Башкармасы 2022-жылы токтом кылган:

КРнын коммерциялык банктарына:

  • алмашуу бюролору менен операцияларды жүргүзүүдө, бир календардык күндүн ичиндеги бир операция боюнча нак же накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу суммасын алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын өлчөмү менен чектөө;
  • отчеттук жумадан кийинки дүйшөмбү күнү саат 14:00гө чейин Улуттук банкка жумалык отчетторду берүү;
  • ар бир айдын акыркы жумуш күнүнө карата абал боюнча алмашуу бюролору менен чет өлкө валютасын нак жана накталай эмес түрдө сатып алуу/сатуу операциялары жөнүндө маалыматты отчеттук айдан кийинки жумуш күнү саат 16:00гө чейин Улуттук банкка берүү.

алмашуу бюролоруна:

  • бир календардык күндүн ичинде коммерциялык банктар менен накталай чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу боюнча операцияларды, алардын жалпы суммасы алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын өлчөмүнөн ашкан учурда, жүргүзүүгө тыюу салынган;
  • коммерциялык банктар менен нак же накталай эмес чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө, алмашуу бюросу коммерциялык банктарга мурунку күндүн аягындагы жана/же учурдагы күндүн башындагы жүгүртүү каражаттарынын өлчөмүн тастыктаган, алмашуу бюросунун жетекчисинин колу коюлган жазуу түрүндөгү маалыматты жана ага кошумча кассалык чектерди берүүгө милдеттүү болгон.

Бул талаптарды колдонуу 2022-2026-жылдар аралыгында бир нече жолу токтотулуп турган.

КРнын Улуттук банк башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын: 

  • 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө»; 
  • 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу»; 
  • 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 2022-П-12/74-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу»; 
  • 2023-жылдын 24-февралындагы № 2023-П-12/12-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу»;
  • 2023-жылдын 28-августундагы № 2023-П-12/54-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу»; 
  • 2024-жылдын 24-январындагы № 2024-П-12/2-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу»; 
  • 2024-жылдын 24-июлундагы № 2024-П-12/31-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу»; 
  • 2025-жылдын 22-январындагы № 2025-П-12/2-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу»; 
  • 2025-жылдын 23-июлундагы № 2025-П-12/35-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу»; 
  •  2026-жылдын 29-январындагы № 2026-П-12/6-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу». 

2022-жылдын 22-июлундагы «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.