Улуттук банк карыз алуучулардын пенсия жана айлыктарын күрөөлүк милдеттенмелерден мыйзамдуу түрдө коргоду

Кредиттердин шарттарын тактоо максатында КРнын Улуттук банкы 4-мартта «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомун кабыл алды.

Улуттук банк карыз алуучулардын пенсия жана айлыктарын күрөөлүк милдеттенмелерден мыйзамдуу түрдө коргоду
Сүрөт: интернеттен алынды

Бул тууралуу Финансылык жөнгө салуучу органдын басма сөз кызматы билдирди. 

1. 2010-жылдын 30-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

3-2 пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«Бланктык кредиттер – бул эмгек акы долбоорлорунун алкагында, төлөм карттары боюнча овердрафттарды, пенсионерлерге берилген төлөм карттары боюнча овердрафттарды эске албаганда, күрөө жөнүндө мыйзамдарда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында кредиттер боюнча камсыздоо катары каралган кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк, гарантиялар, кепилдик, мүлк укуктары, талап кылуу укугу жана башка инструменттер менен камсыздалбаган кредиттер». 

Мында жеке мүнөздөгү укуктарды кошпогондо, карыз алуучунун мүлк укуктары, ошондой эле акча каражаттарынын келечектеги түшүүлөрүнө, товарларга, корлорго, дебитордук карызга же карыз алуучунун башка болочок активдерине банктын талап кылуу укугу, анын ичинде эмгек акы, пенсия алуу укугу же жеке кызматтарды алуу укугу, эгерде мындай укуктар колдонуудагы келишимдер же башка документтер менен тастыкталса, кредиттер боюнча күрөө катары таанылат. Эгерде тастыктама жок болсо, мындай кредиттер бланктык кредиттер деп эсептелет. 

Бланктык кредиттер Улуттук банктын ЧУА ылайык кредит төлөөгө жөндөмдүү карыз алуучунун киреше деңгээлин баалоонун/төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдоонун негизинде гана берилет

Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 4-мартындагы токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр аталган токтом күчүнө кирген күндөн кийин берилген кредиттерге карата колдонулат

2. 2012-жылдын 4 -июлунундагы « Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартибинин: 

6-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Мында жеке мүнөздөгү укуктар, анын ичинде эмгек акыны, пенсияны алуу укугу, жеке кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу укугу күрөө предмети боло албайт». 

Документ менен толук бул шилтемени басып таанышууга мүмкүн. 

Эске салсак, 2026-жылы Кыргызстандын Улуттук банкы чакан жана орто ишканаларды күрөөсүз насыялоону өнүктүрүүгө багытталган демилге сунуштаган. Токтом долбоорунда «ишкердик» максаттар үчүн күрөөсүз кредиттер боюнча милдеттүү резервдерди эки эсе кыскартуу жолу менен банктар үчүн жөнгө салуу жүгүн азайтуу сунушталган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.