Бул тууралуу «Эркин Тоо» гезити жазып чыкты.
Тиешелүү буйрукка КРнын министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду. Документ 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Жаңы тартип мамлекеттик кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиялык процедураларды кыскартууга багытталган. Эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандыктар санаторияга жолдомо алуудан баш тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, акчалай компенсация алуу үчүн шарттар түзүлөт.
КРнын Финансы министрлиги Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен бирдикте жыл сайын бул чыгымдарды республикалык бюджеттен каржылайт. Каражат жол жүрүү документтерин сатып алууга жана компенсацияны өз убагында төлөөгө жумшалат.
Эмгек министрлигине токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү уюштуруу-техникалык иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.