Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Аманаттарды коргоонун жаңы стандарттары: Бишкекте дифференцияланган төгүмдөр талкууланды

22-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан уюштурулган тегерек стол болуп өттү. Ага мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын, эл аралык институттардын, ошондой эле тармактык ассоциациялар менен союздардын өкүлдөрү катышты.

Аманаттарды коргоонун жаңы стандарттары: Бишкекте дифференцияланган төгүмдөр талкууланды

Иш-чаранын алкагында каржылык туруктуулукту камсыздоонун жана калктын банк секторуна болгон ишенимин арттыруунун негизги элементтеринин бири катары депозиттерди коргоо тутумун өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Депозиттерди коргоо фондун калыптандыруу жана пайдалануу механизмдерин өркүндөтүү, ошондой эле тобокелдикке багытталган (риск-ориентированный) ыкмаларды киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Артыкчылыктуу багыттардын катарында - депозиттерди камсыздандыруунун натыйжалуу тутумдарынын эл аралык принциптерине ылайык, катышуучу банктардын жеке тобокелдик профилин баалоого негизделген төгүмдөрдүн дифференцияланган тутумуна өтүү маселеси каралды.

Тегерек столдун катышуучулары Депозиттерди коргоо фондунун каржылык туруктуулугун бекемдөөгө, каражаттарды башкаруунун инвестициялык натыйжалуулугун жогорулатууга жана аманатчылардын алдындагы милдеттенмелердин өз убагында аткарылышын камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү Фонддун көлөмүн этап-этабы менен көбөйтүү келечегин карап чыгышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча депозиттерди коргоо тутумун андан ары өнүктүрүүгө, анын ичинде төгүмдөрдү эсептөөнүн тобокелдикке багытталган моделин өркүндөтүүгө, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө, алдын ала чара көрүү куралдарын өнүктүрүүгө жана калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган практикалык сунуштар иштелип чыкты.

Бул иш-чара финансы секторунун катышуучуларынын ортосунда кесипкөй диалог жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк тутумунун туруктуулугун бекемдөөгө жана каржылык инклюзивдүүлүктү (камтууну) өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.