Анын айтымында, бул тармактарда тез арада чечүү керек болгон бир катар көйгөйлөр бар.
Социалдык төлөмдөр системасына өзгөчө көңүл бурулду. Анда акыркы жылдар аралыгында «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучулардын саны 359,5 миңден 152,9 миң адамга чейин кыскарган.
Маматканов 2026-жылдын 1-июлунан тарта президенттин үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү жаңы жөлөкпулду киргизүү жөнүндөгү жарлыгын ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Жыйындын соңунда калктын иш менен камсыз болушун жогорулатууга жана жакырчылыкты кыскартууга багытталган улуттук программаны иштеп чыгуу, ошондой эле 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн программасынын алкагында кыска мөөнөттүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.
Эске салсак, буга чейин Эмгек министрлиги «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуу шарттарын катаалдаштырууну пландап жатканы кабарланган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.