Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органынын басма сөз кызматы билдирди.
Коомдук талкууга Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банктын айрым ЧУАна кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору коюлду. Документ электрондук төлөм каражаттарын кылмыштуу ишти каржылоо жана легалдаштыруу (адалдоо) максатында пайдалануу тобокелдиктерин төмөндөтүү, ошондой эле Улуттук банктын айрым ЧУА өркүндөтүү боюнча чараларды ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
«Токтом долбоорунун максаты болуп, төлөм терминалдары аркылуу банктык эсептерди, банктык карталарды жана электрондук капчыктарды нак акча каражаттары менен толуктоо учурунда адамдарды идентификациялоо механизмин киргизүү саналат», - деп жазылат аталган токтомдун маалымкат-негиздемесинде.
Документте төмөнкүлөр каралган:
- төлөм терминалдары аркылуу банктык эсептерди, банктык карталарды жана электрондук капчыктарды нак акча каражаттары менен толуктоо операцияларын тобокелдик деңгээли төмөн катары эсептелген операциялардын тизмесинен чыгаруу;
- төлөм терминалдары аркылуу нак акча каражаттарын кабыл алууда кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо тартибин бекитүү;
- аталган операцияларды жүргүзүүдө төлөөчүлөрдү идентификациялоо жана верификациялоо боюнча бирдиктүү талаптарды белгилөө.
Акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (FATF) 16-сунуш-көрсөтмөсү акча которуулардын көзөмөлдөнүүсүн, тактап айтканда, жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө ишенимдүү маалыматтын болушун талап кылат. Бул ыкманы ишке ашыруу кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү негизги эл аралык стандарттардын бири болуп саналат.
«Аталган эл аралык стандартты ишке ашыруу максатында, КРнын министрлер кабинетинин 2026-жылдын 8-июнундагы 2026-жылга кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча аныкталган тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-аракеттерде, төлөм терминалдары аркылуу электрондук капчыктарга, банк эсептерине жана банк карталарына накталай акча каражаттарын салууда адамдарды идентификациялоо механизмин киргизүү милдети каралган», - деп жазылат токтомдун түшүндүрмө берүүчү бөлүгүндө.
Республиканын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, айрым операциялар тобокелдиги төмөн операциялар болуп эсептелет, аларды жүргүзүүдө кардарды идентификациялоо жана верификациялоо талап кылынбайт. Учурда мындай операцияларга төлөм терминалдары аркылуу банктык эсептерди, банктык карталарды жана электрондук капчыктарды накталай акча каражаттары менен толуктоо кирет.
Ошол эле учурда, электрондук төлөм каражаттарын кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) максатында пайдалануу тобокелдигин төмөндөтүү зарылдыгын эске алуу менен, жогоруда аталган операцияларды тобокелдиги төмөн операциялардын тизмесинен чыгаруу сунушталат.
Төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын олуттуу бөлүгү банк эсептерин, банк карталарын жана электрондук капчыктарды толуктоого туура келгендиктен, мындай операцияларды жүргүзүүдө төлөөчүлөрдү идентификациялоо жана верификациялоо боюнча бирдиктүү талаптарды белгилөө зарылчылыгы келип чыгат.
Сунушталган өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу сунуштоочулардын Кыргызстандын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын колдонуусунда бирдиктүү ыкманы камсыз кылат.
Төлөм терминалдары аркылуу ишке ашырылуучу тобокелдиги аз операциялардын тизмеси:
- Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө (жылуулук менен камсыздоо, электр менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, канализация, лифттерди тейлөө, домофондорду тейлөө, тиричилик калдыктарын чыгаруу ж.б. кызмат көрсөтүүлөрү, мында пайдалануучу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучу ортосундагы келишимге ылайык идентификацияланат).
- Бюджетке салыктарды, жыйымдарды, мамлекеттик алымдарды, айыптык төлөмдөрдү жана башка төлөмдөрдү төлөө.
- Интернет жана телеберүүлөр үчүн төлөө.
- Кыргызстандын банктарынан жана финансы-кредит уюмдарынан алынган кредиттерди жана насыяларды төлөө.
- Белгиленген байланыш кызматтары.
- Тaкси айдоочуларын туташтыруу кызматы (жеке эсепти толуктоо).
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына электрондук отчетту тапшыруу үчүн төлөө.
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан пайдалангандыгы үчүн төлөө.
- Эл аралык жерде жүрүү жана аба транспортуна билеттерди эске албаганда, билеттер (кино, транспорт ж.б.) жана такси кызматтары үчүн төлөө.
- КРнын коммерциялык банктарында эсептешүү эсебине ээ, Кыргызстандын аймагында республиканын резиденттери тарабынан сунушталган (жеткирилген, аткарылган) тиричилик кызматтары (товарлар, иштер, тейлөө) үчүн төлөө.
Ошондой эле документ төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө Жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- төлөм терминалдары аркылуу накталай акча каражаттарын кабыл алууда кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо тартибин бекитүү сунушталат, ал аталган операцияларды жүргүзүүдө төлөөчүлөрдү идентификациялоо жана верификациялоо боюнча бирдиктүү талаптарды белгилейт.
Документтин долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.
Токтом долбоору менен толук таанышуу үчүн бул шилтемени басыңыз.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.