Ош шаардык милициясынын маалыматына ылайык, окуя 24-майда Амир-Тимур көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайда болгон.
Анда бет кап кийген белгисиз жаран имаратка кирип барып, жумуш ордунда отурган 33 жаштагы ишкерге туш келди бычак шилтеп, акчасын тоногон. Окуяны көрүп, ортого түшкөн жергиликтүү тургун да колунан жаракат алган.
Мекеменин ээси алган оор жаракаттарынан улам ооруканада операция жасалып жаткан учурда каза тапкан.
Кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну кармалды. Кармоо учурунда шектүү жанын кыюуга аракет кылган, бирок милиция кызматкерлери ага мүмкүнчүлүк берген эмес.
Бул факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.