228 миңден ашык кыргызстандыктар топтомо пенсиясын алды

Социалдык фонддон билдиришкендей, мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун каражаттарын жарандардын кызыкчылыгына колдонуу механизмдери кеңейтилди.

228 миңден ашык кыргызстандыктар топтомо пенсиясын алды
Иллюстрациялык сүрөт

2026-жылдын башына карата 228 миң 670 адамга жалпысынан 6 млрд сомдон ашык төлөм берилди.

  • Турак жай - 8,8 миңден ашык жаран ипотекалык насыясын жабуу же Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай алуу үчүн 2 млрд сомго жакын топтоолорун пайдаланды,
  • Дарылануу - 809 жаран оор ооруларды дарылоого мөөнөтүнөн мурда 132,3 млн сом каражат алды.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы топтомо каражаттарды инвестициялоодон түшкөн киреше 6 млрд 734,2 млн сомду түзүп, каражаттардын ишенимдүү өсүшүн камсыз кылды.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.