Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстанда 48 миңден ашык үй-бүлө социалдык контракт алды

Кыргызстанда соцконтрактты миңдеген үй-бүлө алышты, ошону менен катар бийлик: программага катышуу ыктыярдуу түрдө гана болушу керектигин белгиледи. Долбоор эмне берет жана бул тууралуу эмнеге азыр эске салышууда?

Кыргызстанда 48 миңден ашык үй-бүлө социалдык контракт алды
Сүрөт: Эмгек министрлиги

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

Аталган мекеме белгилегендей, социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүүнүн негизги принциптеринин бири катышуунун ыктыярдуулугу болуп саналат.

Социалдык контракт — бул жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлө менен мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишим. Программанын алкагында мамлекет жеке ишкердикти ачуу жана өнүктүрүү үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз жардам көрсөтөт.

Программа 2022-жылдан тартып ишке ашырылып келет. Алгач социалдык жардамдын көлөмү 100 миң сомду түзгөн болсо, 2025-жылы бул сумма 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.

Программа ишке ашырыла баштагандан бери:

  • 48 миңден ашуун үй-бүлө менен келишим түзүлгөн;
  • 57 миңден ашуун жумуш орду түзүлгөн;
  • 228 миңден ашуун жаран жашоо шарттарын жакшыртууда.

Долбоорго катышуу үчүн үй-бүлөнүн жакыр же аз камсыз болгон статусун тастыктаган документтин болушу жана социалдык контракт программасына катышууга ыктыярдуу макулдугу, бизнес-пландын болушу талап кылынат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырат. Социалдык контрактты тариздөөдө  мажбурлоо же башка мыйзам бузуулар аныкталган учурда жарандар министрликке кайрыла алышат.

Эскерте кетсек, Banks.kg порталы апрель айында Түп районунда жөлөк пул алган 75 үй-бүлө социалдык контракт программасы боюнча 150 миң сомдук сертификат алганын билдирген.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.