Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматк ылайык, программанын басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагында ишке ашырылууда.
«Социалдык контракт» программасы президентинин демилгеси менен 2022-жылы негизделген. Алгач мамлекеттик колдоонун өлчөмү 100 миң сомду түзгөн болсо, 2025-жылдан тартып ал 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.
Министрлик билдиргендей, программанын алгачкы катышуучуларынын ичинен 15 үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашкан. Долбоордун катышуучуларынын көпчүлүгүн айыл жергесинде жашаган аялдар түзөт.
2026-жылы программага 13 334 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө катыша алат. Алардын ар бири өзүнүн бизнес-долбоорун ишке ашыруу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз мамлекеттик колдоого ээ болот.
Мындан тышкары, пайызсыз насыя берүү программасы да ишке ашырылууда. 2026-жылдын башынан бери 150 адам жеңилдетилген насыя алып, анын аркасында өз ишкердигин кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Программага катышуу үчүн арыздар дагы деле кабыл алынууда. Кеңеш алуу үчүн жашаган аймактагы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылууга болот.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.