Бул тууралуу «Ала-Тоо 24» телеканалына шилтеме берүү менен салык кызматынан билдиришти.
Анын айтымында, патент системасы өнүккөн мамлекеттерде дагы бар, бирок аларда патент деп айтылбаганы менен табияты, уңгусу окшош. Ал патентти ишкерлер товар жүгүртүү көлөмүнө карата айына төлөшөрүн белгиледи.
Салык кызматынын төрагасы буга мисал катары «Дордой» базарын келтирди.
«Буга чейин «Дордой» базарынан жылына 480 млн сом салык чогултулуп келсе, азыркы учурда 1 млрд 600 миң сом салыктык түшүүлөр болууда. Азыр мурдагыдан 3 эсе көбөйдү», - деди ал.
Ошондой эле, Алмамбет Шыкмаматов патент системасы ишкерлердин убактысын албай, салыктан төлөө шарттарын жеңилдетерин кошумчалады.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.