Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн баалары кандай болуп жатат: статистика
Кыргызстанда бир катар социалдык жактан маанилүү азыктардын баалары төмөндөөнү улантууда. Акыркы аптада сүт, пияз жана картошканын баалары байкаларлык төмөндөдү.

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 1-июлга карата жүргүзүлгөн мониторингде айтылат.
Министрликтин маалыматы боюнча, баанын эң олуттуу төмөндөшү майлуулугу 2,5–3,2% болгон сүттө байкалып - 9,8%га арзандады. Пияздын баасы 9,2%га, ал эми картошканыкы 8,3%га төмөндөдү.
Ошол эле учурда бир катар товарлардын баасы жогорулаганы байкалды. Тактап айтканда, тазаланган күн карама майынын баасы 6%га, сары май 0,9%га, кой эти 0,8%га, сабиз 0,7%га, кумшекер 0,2%га жана уй этиники 0,2%га, ошондой эле жергиликтүү өндүрүштөгү биринчи сорттогу буудай унунун баасы да 0,2%га кымбаттады.
Казакстанда баалардын эң олуттуу өсүшү вермишель (+9,6%), сары май (+9,5%) жана спагетти (+4,4%) боюнча байкалды. Ошол эле учурда жумуртка (-9,8%), картошка (-8,6%), кумшекер (-6,7%) жана сүт (-6,5%), ошондой эле биринчи сорттогу ун менен күрүчтүн баасы төмөндөгөн.
Орусияда жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, пияз (+0,8%), картошка (+0,5%), сабиз (+0,3%), кумшекер (+0,3%), вермишель (+0,1%) жана уй этинин (+0,1%) баасы бир аз жогорулады.
Ошол эле учурда коңшу өлкөдө жумуртка (-0,7%), кой эти (-0,5%), сары май (-0,2%), биринчи сорттогу ун (-0,2%), пастерленген сүт (-0,1%) жана тазаланган күн карама майынын (-0,1%) баасы төмөндөдү.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.