Бишкекте турак жай канчага кымбаттады? Статистика

2025-жылы Бишкекте турак жайга - батирге ошондой эле жеке үйлөргө болгон баалардын кымбатташы катталды.

Бишкекте турак жай канчага кымбаттады?  Статистика
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди. 

Батирге болгон баанын өсүүсү

Батирлердин орточо баасы чарчы метрине январда $1260дан декабрда $1470ке чейин кымбаттаган.

Бир чарчы метрге болгон баалардын эң чоң өсүшү батирлердин төмөнкү түрлөрү боюнча катталган:

  • 104-серия — $1500 (өсүү 17,4%);
  • 308-серия — $1410 (17,7%);
  • 105-серия — $1440 (18,9%);
  • жеке типтеги — $1280 (21,7%).

Аталган агенттиктен белгилегендей, баалардын кескин өсүшү 2025-жылдын биринчи чейрегинде жана сентябрда болгонун белгилейт. Кээ бир айларда — экинчи чейректе жана үчүнчү кварталдын башында баалар салыштырмалуу туруктуу бойдон калган.

Райондор боюнча турак үйгө болгон баалар

Бишкектеги турак үйлөрдүн орточо баасы да бир топ жогорулады. Төмөндө райондор боюнча турак үйлөрдүн орточо баасы 1 чарчы метр үчүн:

  • Ленин району - 2024-жылы $1405 баштап, 2025-жылы $1867 чейин;
  • Биринчи май району - $1192 баштап $1575 чейин; 
  • Свердлов району - $1358 баштап, $1862 чейин; 
  • Октябрь району - $1638 баштап $1767 чейин. 

Турак жайдын баасынын эң чоң өсүшү Свердлов районунда катталды, анда өсүү 37%дан ашкан, бул шаардагы эң жогорку көрсөткүч. Ал эми эң аз өсүү Октябрь районунда байкалып, 7,9%дын тегерегин түздү.

Баалар инфляцияга караганда бат өсүүдө

Агенттик белгилегендей, кыймылсыз мүлктүн баасынын өсүшү инфляциядан кыйла ашып түштү. 2025-жылдын акырына карата инфляциянын орточо деңгээли 9,2%ды түздү, ал эми турак жайдын баасы кыйла жогору өсүүдө.

Талап жана божомолдор

Бишкекте батирлерге болгон суроо-талап солгундап баратат. Акыркы беш жылдын ичинде батирлерди сатуунун жана сатып алуунун саны кыскарган. Ошол эле учурда 2025-жылы турак үйлөргө болгон суроо-талап дээрлик 24%га өскөн, буга курулуш компанияларынын көп кабаттуу комплекстерди куруу үчүн жер тилкелерин турак үйү менен сатып  алуусу шартталган.

Агенттик белгилегендей, кыймылсыз мүлк рыногу инерттүү бойдон калууда, ошондуктан 2025-жылдын деңгээлине салыштырмалуу, 2026-жылдын биринчи чейрегинде баанын олуттуу төмөндөшү күтүлбөйт.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.