Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдиргендей, карталар ААК «Бай-Түшүм» банкы тарабынан мекеменин аймагында банк кызматкерлеринин катышуусунда берилди.
Бул демилге ЖАМК менен «Бай-Түшүм» банкы ортосундагы кызматташтыктын алкагында ишке ашырылды. Долбоордун алкагында эмгек менен камсыз болгон ар бир соттолгонго банктык эсеп ачылып, мындан ары алардын эмгек акысы түздөн-түз ошол эсепке которулат.
Мекемеден билдиришкендей, бул долбоор соттолгондордун үй-бүлөлөрү үчүн да маанилүү. Банктык карталар аркылуу эмгек акы мыйзам чегинде пайдаланылып, жакындары жана үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан колдонулушу мүмкүн. Бул алардын үй-бүлөлүк байланыштарын сактоого жана жакындарын материалдык жактан колдоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Эмгек менен камсыз кылууну өнүктүрүү жана заманбап финансылык кызматтарды киргизүү Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын өркүндөтүүнүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.
Мындай долбоорлорду ишке ашыруу соттолгондордун кайра социалдашуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатууга, алардын эмгек көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана боштондукка чыккандан кийин мыйзамды сыйлаган жаран катары жашоого даярдоого өбөлгө түзөрү айтылды.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.