Долбоор коррупцияга каршы стратегияны жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөткөн кызматтар жөнүндө жаңы мыйзамды ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.
Документке ылайык, кызматтарды жеке аткаруучуларга өткөрүп берүү рынокко талдоо жүргүзүлүп, мүмкүн болуучу тобокелдиктер баалангандан кийин гана мүмкүн болот. Аутсорсерди тандоо ачык-айкын өтүп, талаптар жана критерийлер алдын ала жарыяланышы керек.
Мында жарандар үчүн тариф өзгөрбөшү керек - кызмат алуучулардан кошумча төлөмдөрдү алууга жол берилбейт.
Аутсорсер белгиленген талаптарга жооп бериши керек. Анын ичинде зарыл ресурстары жана уруксат кагаздары болушу, жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылышы, акыркы бенефициарларын ачыкка чыгарышы жана салык карызы болбошу зарыл.
Аткаруучу менен келишим үч жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт жана автоматтык түрдө узартылбайт. Анын иши кызмат көрсөтүү мөөнөтү, каталардын жана даттануулардын саны, кызматтын жеткиликтүүлүгү, кошумча төлөмдөрдүн алынбашы жана маалыматты коргоо талаптарынын сакталышы сыяктуу конкреттүү көрсөткүчтөр боюнча үзгүлтүксүз текшерилип турат.
Ошол эле учурда айрым процесстер аутсорсингге өткөрүлүп берилгенден кийин да мамлекеттик же муниципалдык орган кызматтын мыйзамдуулугуна, сапатына жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүнө жоопкерчилигин сактап калат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.