Биздин өлкөдө 13-майга карата өткөн жумага салыштырмалуу пияз менен картошканын баасы эң көп кымбаттаган.
- пияз – 7 %;
- картошка – 6,5 %;
- кой эти – 3,3 %;
- уй эти – 2,4 %;
- шекер – 1,1 %.
Ошону менен катар ун, сүт, нан жана макарон азыктары да бир аз кымбаттаган. Ал эми жумуртка 2,5 %га арзандаган.
Казакстанда эң көп макарон азыктары кымбаттаган, тагыраагы 25,5 %га жана сабиз 12 %га жогорулаган. Ошону менен катар ал жакта нан, пияз, шекер жана картошка арзандаган.
Орусияда жашылча, эт, кант, май, жумуртка бир аз кымбаттады. Эң көп сабиз жана картошка кымбаттаган, тагыраагы 1,4%га.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.