Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь–сентябрь айлары үчүн жарыяланган маалыматтарында айтылат.
Өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 7%га, алкоголдук ичимдиктер менен тамеки буюмдары 8%га, азык-түлүк эмес товарлар 6,8%га өскөн. Калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын баасы 11,8%га кымбаттаган.
Баасы кыйла жогорулаган азык-түлүктөрдүн катарына эт, сүт азыктары, өсүмдүк майы, кант, балык, жаңы мөмө-жемиштер, нан, сары май жана ун кирди.
Ошол эле учурда айрым азык-түлүктөр арзандады. Алардын катарына жаңы жашылчалар, картошка, күрүч жана куюп сатылуучу сүт кирет.
Баалар өлкөнүн бардык аймактарында өстү. Эң чоң өсүү Ош облусунда катталып, 16,6%ды түздү. Бул азык-түлүктөрдүн, алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки буюмдарынын, азык-түлүк эмес товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбатташы менен байланыштуу.
Эске салсак, 2026-жылдын январь–август айларында керектөө баалары жана тарифтер 7,6%га өскөн.
Жогорку Кеңеш 15-октябрда Эмгек кодексине эмгек акыны индексациялоо механизмин кайра киргизүүнү караган өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда жактырган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.