Улуттук банк төлөмдөрдү үзгүлтүккө учуратпоону буйруду: QR-коддор жалгыз төлөм ыкмасы болбойт

QR-коддордун жардамы менен төлөөдө үзгүлтүккө учураган учурларга байланыштуу, Улуттук банк төлөм системасынын негизги катышуучуларына үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү камсыздоо үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну жана бизнес-процесстерди оптималдаштырууну тапшырды.

Улуттук банк төлөмдөрдү үзгүлтүккө учуратпоону буйруду: QR-коддор жалгыз төлөм ыкмасы болбойт
Сүрөт: интернеттен алынды

Бул тууралуу жөнгө салуучу органы билдирди. 

Калк үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана санарип банк кызматтардын кеңири жайылтуу максатында, Улуттук банк банк кызматтарын көрсөткөн коммерциялык банктардын жана башка юридикалык жактардын ишин көзөмөлдөө анын ичинде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо ишине өзгөчө көңүл бурат.  

«QR-коддор ыңгайлуу төлөм ыкмасы катары кеңири колдонулганы менен аларды жалгыз төлөм ыкмасы катары кароого болбойт. Техникалык мүчүлүштүктөр болгон учурда төлөмдү кабыл алуучуда товарлар менен кызматтарды төлөөнү кабыл алуу боюнча альтернативдүү ыкма болушу керек. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктар жана төлөм уюмдары улуттук валютада накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон өз системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга милдеттүү», - деп жазылат маалыматта. 

Учурда накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү ишке ашыруу тез жүрүүдө, анда ELQR системасына:  

  • 20 коммерциялык банк; 
  • 14 төлөм уюму; 
  • 32 мобилдик тиркеме иштейт. 

Кыргызстанда тейленет: 

  • 15 млн ашык эсептешүү эсептери; 
  • 9,8 млн банктык карталар; 
  • 3,5 млн идентификацияланган электрондук капчыктар;
  • 3 млн агенттердин мобилдик тиркемелери. 

2025-жылдын биринчи жарымында эле QR коддор аркылуу рекорддук 274,9 млрд сом иштетилген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,9 эсеге көп (13,8 млрд сом). Бул өсүш республика боюнча 80, 5 миңден ашык соода түйүндөрүндө QR-коддорду масштабдуу орнотуу менен шартталган.

Белгилей кетсек, накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өз убагында жана үзгүлтүксүз, анын ичинде QR-коддорду колдонуу менен жүргүзүүтехнологияларга жана инфраструктурага, анын ичинде рыноктун катышуучуларынын өздөрүнөтиешелүү бир катар факторлорго көз каранды. 

Улуттук банк төмөнкүлөрдү сунуштайт:  

  • QR-код аркылуу төлөө мүмкүн болбосо, төлөмдүн альтернативдүү ыкмаларын (банк картасы, NFC, мобилдик төлөм кызматтары, Интернет-банкинг, мобилдик банкинг, накталай акча) колдонуу;  
  • акча каражатын туура эмес эсептен чыгарылганын байкасаңыз, дароо сизди тейлеген банкка кайрылуу.  

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.