Токенизацияланган баалуу кагаздар сегментиндеги эң тез өсүп жаткан өнүм bStocks болду. Ал салттуу финансы менен санариптик активдердин ортосундагы чекти жоюп, дүйнөдөгү ири компаниялардын акцияларынын котировкаларына көз салып, алардын үлүштөрү менен соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Delphi Digital аналитиктери 25-августта жарыялаган изилдөөдө 2026-жылдын июль айындагы маалыматтарга таянып, токенизацияланган акцияларды көзөмөлдөгөн платформалардын арасында продуктунун масштабдашуу темпи ишке киргенден кийинки биринчи айда рекорддук деңгээлге жеткенин белгилешкен.
Эки айда 1,8 млрд доллардан 14,7 млрд долларга чейин
bStocks - тиешелүү америкалык акциялар менен 1:1 катышында камсыздалган токенизацияланган баалуу кагаздар. Алар колдонуучуларга Tesla жана Nvidia сыяктуу компаниялардын баалуу кагаздарына экономикалык экспозиция алууга мүмкүндүк берет, бирок бул аталган компаниялардын акцияларына түздөн-түз ээлик кылууну билдирбейт.
Delphi Digital маалыматына ылайык, bStocks ишке киргенден кийинки алгачкы 24 күндө соода көлөмү 1,8 млрд долларды түзгөн. Ал эми экинчи айга карата бул көрсөткүч 14,7 млрд долларга жеткен.
Аналитиктердин белгилешинче, алар талдаган токенизацияланган акциялардын башка бир дагы өнүмү мынчалык тез өсүшкө жеткен эмес.
Мындан тышкары, изилдөө жүргүзүлгөн учурда bStocks ири эмитенттердин жүгүртүүдөгү токенизацияланган акцияларынын жалпы наркынын болжол менен 28%ын ээлеген. Бул продукт салыштырмалуу жакында гана ишке киргенине карабастан ушундай көрсөткүчкө жеткен.
Криптоинвесторлор салттуу активдерди өздөштүрүп жатышат
Изилдөөнүн дагы бир тыянагы bStocks”тин аудиториясына байланыштуу. Delphi Digital маалыматына ылайык, продуктуну сатып алуучулардын 88%ы токенизацияланган акциялар менен биринчи бүтүмүн жасаганга чейин эле башка санариптик активдерге ээ болушкан.
Бул токенизацияланган акциялар рыногунун кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири буга чейин калыптанган криптоаудитория болуп жатканын көрсөтөт. Колдонуучулар инструменттердин топтомун кеңейтип, салттуу фондулук рынок менен байланышкан активдерге тааныш санариптик инфраструктура аркылуу жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.
Кыргызстан үчүн бул тенденция өлкөдө өзүнүн виртуалдык активдер рыногу өнүгүп, аны мындан ары жөнгө салуу иштери жүрүп жаткан шартта актуалдуу. Республикада реалдуу активдер (RWA) менен камсыздалган токендерди чыгаруу жана жүгүртүү боюнча ыкмалар иштелип чыгууда. Ушундай шартта токенизацияланган активдер сегментинин дүйнөлүк деңгээлдеги өсүшү салттуу жана санариптик финансылык рыноктордун өз ара аракеттенүүсүнүн кандай жаңы моделдери калыптанып жатканын көрсөтөт.
Негизги соода сессиясынан тышкары да ликвиддүүлүк сакталууда
Delphi Digital bStocks платформасындагы бүтүмдөрдүн аткарылышынын сапатын америкалык фондулук биржалар жабык болгон мезгилде өзүнчө талдаган. Бул күн бою соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген инструменттер үчүн өзгөчө маанилүү, анткени негизги соода сессиясынан тышкары ликвиддүүлүк адатта төмөндөшү мүмкүн.
Муну текшерүү үчүн изилдөөчүлөр америкалык соода сессиясы учурунда жана ал аяктагандан кийин Nvidia”нын токенизацияланган акцияларына 100 миң долларлык буйруктун аткарылышын салыштырышкан.
Эки учурда тең жылышуу болжол менен бир деңгээлде — 0,3%-0,5% диапазонунда болгон. Ошол эле учурда 100 миң долларлык буйрук 53 баа деңгээлине бөлүштүрүлгөн.
Delphi Digital баалоосуна ылайык, мындай көрсөткүчтөр bStocks”теги ликвиддүүлүктүн тереңдигин көрсөтөт: салыштырмалуу ири бүтүмдөр америкалык рынок иштеп жаткан учурда гана эмес, ал жабылгандан кийин да баага олуттуу таасир тийгизбестен аткарылышы мүмкүн.
Токенизация эки рынокту байланыштырган көпүрөгө айланууда
Изилдөөнүн жыйынтыктары финансылык рыноктогу олуттуу өзгөрүүнү көрсөтүүдө. Криптоинфраструктура акырындык менен санариптик активдер менен гана соода жүргүзүү чегинен чыгып, ал эми токенизация салттуу рыноктун инструменттери менен иштешүүнүн жаңы жолдорун ачууда.
bStocks”тин дүйнөлүк тажрыйбасы виртуалдык активдердин жергиликтүү рыногу жигердүү калыптанып, RWA базасындагы жаңы санариптик инструменттер үчүн ченемдик укуктук база иштелип жаткан Кыргызстан үчүн олуттуу кызыгууну жаратат.
Буга чейин Banks.kg порталы bStocks деген эмне, анын кандай ыңгайлуулуктары бар, аны кантип сатып алууга болорун жана кандай тобокелдиктери бар экендиги тууралуу маалымат жарыялаган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.